27-февраль күнү Мамлекеттик Кремль сарайында Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземине Кыргызстан менен Россиянын 200дөн ашык артисти катышты.
Иш-чарада Россия Федерациясынын эмгек сиңирген артисти Анна Большова КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» романынын башкы каарманы Толгонайдын монологун окуду.