Коронавирус: жума намазга баргандарды чектөө сунушталды

Окуялар тизмеги 28 Фев 2020 12:36
0 ой-пикир

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус коркунучунан улам жума намазга катышкан адамдардын санын азайтууга чакырды. Министрлик мындай кат менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жана Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Министрлик ошондой эле жарандарды той, маарекелерди өткөрүүнү да азайтууга чакырып жатат.

«Биз намазга тыюу салууну эмес, ага катышкан адамдардын санын азайта турууну суранып жатабыз. Мен намазды үйдөн окуса деле болот деп ойлойм», — деди министр.

Чолпонбаев кошумчалагандай, учурда Кыргызстанга коронавирус боюнча 919 адамдан анализ алынып, баары таза чыккан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 27-февралга карата маалыматына таянсак, дүйнөдө аталган илдетти 82 миң 297 адам жуктурду.

«Коронавирусту жуктурган эң көп учур Кытайда катталды. Ал жерде 78 миң 630 адам ооруп жатат. Ошондой эле Кытайда 2 миң 747 жаран каза болгон», — деп кошумчалады Чолпонбаев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.