Президент Сооронбай Жээнбеков 20-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, сөз сүйлөгөнү белгилүү. Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүү, соттук реформа жана коомдогу ынтымакты бекемдөө боюнча актуалдуу маселелерге токтолгон.
Президенттин парламентте сүйлөгөн сөзү боюнча өзүнүн ой-пикири менен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмурбек Текебаев Elgezit.kg редакциясы менен бөлүштү.