— Алмамбет Насырканович, биздин суроолорго жооп берүүгө макул болгонуңузга рахмат. Декабрдын аягында сиз күтүүсүздөн эле “Ата Мекен” партиясынан чыгып, фракциянын лидерлигинен кетип, депутаттык мандатыңызды тапшырдыңыз. Ошол маалда ММКларга Өмүрбек Текебаев экөөңүздөрдүн ортоңуздарда эмне болгонун кийинчерээк айтып берериңизди билдиргенсиз. Ал убак келдиби же жокпу? 2019-жылдагы эң көп талкууланган саясий бөлүнүү тууралуу айтып берүүгө даярсызбы?
— Сиздерге бир окуяны айтып берейин. ММКлардын биринен Владимир Познердин аймактык ММКлардын журналисттери менен жолугушканы тууралуу окуп калгам. Жолугушууга келгендердин бири Познерге мындай суроо салыптыр: “Айтсаңыз, Алина Кабаева Владимир Путиндин ойношу деген сөз чынбы?” Познер суроого суроо менен жооп бериптир: “Мунун Россиянын саясатына кандай тиешеси бар?” Мен дагы суроо бергим келип жатат, Текебаев экөөбүз мындан ары бир партияда болбой калганыбыз өлкөнүн тагдырына таасир берүүчү саясий прецедентпи?
— Жок, прецедент эмес, бирок Өмүрбек Текебаев түрмөдө отурганда сиз партиянын жүзү болчусуз да. Сиз аны дайыма колдоп, оор мезгилдерде анын дагы, партиянын дагы жанында болдуңуз. Анан күтүүсүздөн эле ушундай окуя болуп кетти…
— Мен бул суроого чекит койгум келет. Ооба биз эки жолго түштүк. Себеби? Майда-чүйдөсүнө чейин айтпай эле коеюн. Эки эркектин ортосунда түшүнбөстүк болду деп айтсам болот. Анын саясатка эч кандай тиешеси жок, болгону Текебаев экөөбүздүн жолубуз эми бир эмес. Менин көңүлүм таза. Мени эч ким саткынчылык кылды деп айыптай албайт. Мен чындап эле эң маанилүү учурларда Өмүке жана партия менен чогу болдум. Жашоомдун 15 жылы “Ата Мекен” менен байланыштуу болду. Мурдагыдай эле Текбаевге сыйым бар, ага каршы кандайдыр бир күчтөргө кошулайын деген оюм жок, ал жөнүндө жаман да айтпайм. Мындан ары журналисттер бул темада суроо бербейт деп ишенем. Себеби, кайталап кетейин, биздин тандемдин бузулганы Кыргызстандагы саясатка эч кандай терс таасирин тийгизбейт.
— Сиз “Ата Мекен” менен бирге шайлоого барбасаңыз саясатта каласызбы деген суроо туулду. Жогорку Кеңешке талапкерлигиңизди коесузбу? Эгерде шайлоого катыша турган болсоңуз, анда кайсы партия менен аттанасыз?
— Мен тажрыйбалуу саясатчымын, саясатта каласызбы деген суроо мага кызыктай угулуп жатат. Кыргыз саясаты “Ата Мекен” менен эле чектелип калбайт, туурабы? Пенсияга дагы жакында чыкпайм, октябрь айында 50 жашка чыктым. Саясатчы үчүн бул жакшы курак. Кыргызстандын өнүктүрүү үчүн өзүмдүн көз карашым, позициям бар.
— Демек, парламенттик шайлоого талапкерлигиңизди коесуз? Ким менен барасыз?
— Ооба, талапкерлигимди коем. Ким менен барарымды азырынча чече элекмин. Сунуштар болуп жатат, аны жашырбайм. Балким, өзүмдүн жеке партиям тууралуу да ойлонуп, аны ишке ашырам. Мага партия баалуулуктарга, принциптерге карап түзүлгөнү маанилүү, ал менин көз караштарыма каршы келбеши керек. Бийликке келип, саясат менен гана алек болбой, чыныгы иштердин планы болуп, өлкөнү өргө сүрөөчү белгилүү бир стратегия болушу керек.
— Саясатчы Алмамбет Шыкмаматовдун мындай планы барбы? Өлкөгө кандай салым кошсо болот деп ойлойсуз? Идеологиялык жактан өзүңүздү киммин деп санайсыз? Сиз кимсиз – социалистпи, демократпы, либералбы, социал-демократпы, балким, коммунист?
— Мага социалдык-либерализм философиясы жакын. Ким айтканы эсимде жок, бирок бул акылдуу либерализм десем болот. Рынок экономикасы иштейт бирок ал социалдык жакка дагы багыт алат.
Классикалык либерализм – бул катуу система. Анда мамлекет экономикага жана социалдык мамилелерге такыр кийлигишпөөсү кажет. Социалдык либералдар мамлекет социалдык туруктуулукту жана социалдык коргоону камсыз кылып, баары үчүн бирдей шарттар түзүлүшү керек дешет. Бирок социалисттик системадан айырмаланып, социалдык-либералдык система патерналисттик эмес.
Жөнөкөй сөз менен айтканда, либерализмде балык уулоо үчүн кайрымак табуу керек, балык көп түшкөн жерди аныкташ керек, болбосо олжосуз кайтасың дагы, жегенге эч нерсе жок болот. Социализмде сага мамлекет балык берет жана сен эч нерсе тууралуу ойлонбойсуң. Бирок ашык кеми жок, канча керек болсо ошончо берет дагы, андан эмне жасоо керектигин дагы буйруп турат.
Социалдык-либерализмде болсо мамлекет балыкты чындыгында муктаж болгондорго берет. Мисалы, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, карыларга жана оор турмушка туш болгондорго. Башкаларга болсо кайрымак берет дагы, балык уулоого чыгууга баарына бирдей башталгыч шарт түзүп берет. Бирок эгерде балык түшпөй калса же кайырмагың сынып калса, башка балыкчылар сөзсүз сени менен бөлүшөт.
Социалдык-либералдык системада мамлекеттин башкы функциялары – бул ички жана тышкы коопсуздукту камсыз кылуу, тышкы коркунучтардан коргоо, анын ичинде террористтик коркунучтардан дагы, мыйзамдуулуктун сакталышын козөмөлдөө, эркин атаандашуу мүмкүн болбогон экономиканын айрым тармактарын көзөмөлдөө, экономика, салык жана насыя саясатын жүргүзүү. Мамлекет салыктардын төмөндөшүнө көз салып, эч кимде артыкчылык жана монополия болбошу кажет.
— Социалдык-либерализм — бул либерализм менен социал-демократтардын кесилишкен жериндеги концепция. Жеке сизде социалист басымдуулук кылабы же либералбы?
— Биздин этномаданий өзгөчөлүктү сактоого келсек, мен консерватормун (күлүп). Биз глобалдашуу деп биздин тилибизди, маданиятыбызды, кылымдан бери келе жаткан салттык баалуулуктарыбызды жоготуп албашыбыз керек. Социалдык-либерализм тууралуу айтсак, Франклин Рузвельт мени шыктандырып турат. Ал белгилүү бир шарттарда либерализм жана социализм бири-бирин толуктап турарын тастыктап берген.
Соцаилдык-либерализм Германиядагы согуштан кийин өзгөрүүнүн эң эффективдүү механизми экенин көрсөттү, өзгөчө кризистик абалдар болгондон кийин.
— Демек, сиз азыр бизде кризис болуп жатат деп ойлойсузбу? Же кризистен кийинки абалдабызбы?
— Мен жактырган Рузвельт фашизмди жеңүүдө СССРдин салымы чечүүчү болгонун дайыма моюнга алган, сөз баккан адам болгон. Анын бир жакшы сөзү бар, мен жүз пайыз туура айтып жатам дебейм, бирок мааниси төмөнкүдөй: “Адамзаттын тарыхы мистикалык цикл менен өнүгөт. Бир муунга көп берилет, кийинкилеринен суралат, азыркы муун болсо тагдыр менен бетме-бет келет”.
Бул сөздү Рузвельт президенттик шайлоо кампаниясынын алдында айткан, ошол маалда 1920-1930-жылдары америкалык коомчулуктун абалы дал ушундай эле. Социалдык жана экономикалык тармактар толугу менен кыйраган. Ошол маалда америкалыктар чындап эле “тагдыр менен бетме-бет” калышкан. Алар президентти гана тандашы керек эмес эле. Бул өтө татаал, масштабдуу тандоо болгон. Жол тандоо, өлкөнүн, элдин жолун.
Менин оюмча, Рузвельттин айтканы боюнча биз “бизден көп суралып” жаткан циклдебиз. Кыргызстан жана биздин эл көптөгөн сыноолордон өтүүдө. Алар кечээ башталган жана эртең бүтпөйт. Эң башкысы – туруктуулукту сактап калуу керек. Өлкө “тагдыр менен бетме-бет” келген маалга чейин жашап, андан ийгиликтүү өтүүсү керек. Бул качан болорун билбейм. Балким парламенттик шайлоодон кийин, балким шайлоо учурунда. Балким, үч жылдан соң. Кризис туу чокусуна жеткенде башка тандоо жасаш керек болот. Ал тандоодон өлкөнү келечеги көз каранды болот. “Ким депутат болот деген” гана форматта эмес. Ошондуктан биз азыр кризистин босогосунда, башталышында турабыз. Чындыгында ал кандай тездик менен өнүгүп кетерин эч ким билбейт.
— Бул кимден көз каранды болот? Кризистин өнүгүүсү дегеним. Бийликтенби?
— Албетте, бийликтен дагы көз каранды болот. Коомчулуктан, ММКлардан жана ар бирибизден. Ар түрдүү окуялардан. Кыргыз саясатын алдын ала айтып берүү мүмкүн эмес. Бул биздин менталитет окшобойбу. Биз абдан тез жалындап кетебиз. “Кара ак куулар” кайдан жана качан учуп келип каларын эч ким алдын ала айта албайт.
— Сиз Нассим Талеб киргизген терминди айтып жатасызбы?
— Ооба, ооба. “Кара ак куулар” деп алдын ала эч ким айта албаган, бирок маанилүү болгон, керек болсо тарыхты да өзгөртүп кое турчу окуяларды айтат. Башкача айтканда, масштабдуу, күтүүсүз окуялар. Мисалы, азыркы короновирус. Баса, эмнеге “кара ак куулар” экенин билесиңерби? XVII кылымда ак куулар ак гана болот деп санап келишкен. Австралиядагы орнитологдор кара ак кууларды көргөндө айран таң калышкан.
Бизде болсо учурдун “кара ак куусу” деп жергиликтүү кеңешке шайлоо боло турган аймактарда массалык түрдө каттоого туруу болуп жатканын айтсак болот. Бийлик үчүн бул маалыматтын чыгып кеткени “кара ак куу” болду. Мунун арты биз куткөндөн дагы олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Болбой калды дегенде шайлоо алдындагы кампаниянын стратегиясы жана тактикасы өзгөрүүсү керек.
— Сиздин идеологиялык позицияңызды билип алдык. Эми коомдун саясий түзүлүшүнүн модели тууралуу сүйлөшөлү. Сиз парламентаризмди колдойсузбу же президенттик башкаруунубу?
— Албетте, парламентаризмди. Жогорку Кеңештин аброю төмөн жана партиялардын бышып-жетиле электигине карабастан парламентаризм деп айтат элем. Биздин келечегибиз парламенттик башкарууда. Мен бул тууралуу дайыма жана баардык жерде айтып келем. Кыргызстан чындыгында парламенттик өлкө болушу үчүн көп иштешибиз керек. Шайлоочулар партияларга добуш берүү менен премьер-министрге, келечектеги Өкмөттүн программасына добуш берип жатышканын билиши шарт.
— Экономиканы кантип жолго салабыз?
— Кыргызстан дүйнөдөгү кедей өлкөлөрдүн бири. Биздин ИДП киши башына болгону 1200$. Борбордук Азия аймагында экономиканын өсүүсү боюнча эң артта калган мамлекетпиз. Жада калса, Тажикстан орточо жылдык өсүү боюнча бизден ашып кетти.
Экономика стагнацияда. Кыргыз экономикасынын негизин жумушчу күчтөрдү жана алтынды экспорттоо, товарларды коңшу өлкөлөргө реэкспорттоо жана ички рыноктогу кызмат көрсөтүү түзөт.
Экономикалык керемет болушу мүмкүн эмес, себеби баардык жакта коррупция жана көз карандысыз соттор жок дегенди көп угам. Бул туура эмес. Бизде коррупция гүлдөп кеткени үчүн, реалдуу демократиялык институттар жок үчүн экономикабыз өнүкпөй жаткан жери жок. Мисалы, Грузия коррупцияга каршы ийгиликтүү реформаларды жасады, каттоо жана салык боюнча бир топ жөнөкөйлөштүрүлгөн система киргизди, бизнесмендерге салыкты азайтты, мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдү күчөттү, бирок экономикалык жактан өнүгүп-өсүп кеткен жок. “Азия жолборстору” аталган Түштүк Корея, Сингапур, Гонконг экономикалык жактан секирик жасаган маалда коррупцияянын жоктугу жана сот адилеттүүлүгү боюнча үлгү алууга татыктуу эмес эле. Алар экономикалык реформалар менен катар эле коррупцияны бир маалда жок кылууну колго алышкан. Албетте, көз карандысыз сот системасы жана коррупцияга каршы механизмдер – абдан маанилүү элементтер жана экономиканын өнүгүүсүн аныктап турат. Ошондуктан бизде коррупциянын бар болгону кедейчиликтен актануучу шылтоо эмес.
Экономиканы либералдаштыруу боюнча биз аймакта дайыма лидер болуп келгенибиз кызык. Мисалы, ишкерлердин экномикалык эркиндиги боюнча биз азыр алдыңкыларданбыз. Рынок экономикасындагы мыйзам базасы боюнча эч кандай көйгөйлөр жок.
— Анда эмнеге экономикалык керемет болбой жатат?
— Чын-чынына келгенде экономикалык кереметти саналуу гана кишилер жасай алышкан. Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин азыркы күнгө чейин ал кереметке жетише алгандар саналуу гана. Жакырчылыктан чыга алган өлкөлөр экономикасын модернизациялоодо эки багытта иш алпарышкан. Мисалы, Түштүк Корея, Тайвань, Япония жана Кытай өндүрүш тармагына басым жасашкан. Башында улуттук деңгээлде кийин эл аралык деңгээлде атаандаштыкка туруштук бере алышты. Сингапур жана Гонконг кыска убакыт ичинде ири эл аралык финансылык борборго айланып, кызмат көрсөтүүчү экономиканын ийгиликтүү үлгүсү боло алды.
Кыргызстан өзүнүн экономикалык жолун издеши керек. Өндүруш тармагын өнүктүрүүсү зарыл, албетте эл аралык деңгээлде атаандаштыкка туруштук берүү оор. Тоо-кен өндүрүшүн кошпогондо.
Географиялык жайгашуубузду эске алсак, биз жүз пайыздык кызмат көрсөтүүчү экономика кура албайбыз, бирок финансылык жөнгө салуу, салык, инвестициялык жөнгө салуу, банк тармагы боюнча биздин мыйзамдарыбыз либералдуу. Эгерде тез ишти баштасак, Кыргызстан аймактагы финансылык хаб боло алмак.
Алдыга озуп чыгуу үчүн аралашкан экономикалык моделди түзүүбүз керек.
“Азия жолборстору” экономикалык өсүштүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн азыр дагы пайдаланып келишет. Мисалы, Сингапурдун ИДПсынын 10%ын туризм түзөт. Түштүк Кореяда болсо пластикалык хирургиялык операциялар өнүгүүдө ж.б.
Биз дагы ушундай кадамдарга барышыбыз керек. Биздин артыкчылыктарыбызды болушунча колдонушубуз керек, мисалы Кытай менен чектештигибизди. Бул логистикалык, транспорттук жактан кызмат көрсөтүүгө жакшы шарт. Кытайдан чыккан товарлардын агымы көп, биз муну мүмкүнчүлүк катары колдонушубуз керек.
Кытай – Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун тездетишибиз абзел. Коңшулардын пикири кандай болот деп кооптонбой, биздин улуттук кызыкчылыктарыбызды алдыга коюшубуз керек.
Бизде “Ачык асман” Мыйзамы кабыл алынды. Бул Кыргызстанга жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүп, аэропортторубузду модернизациялоого мүмкүнчүлүк берет.
Же туризм тармагын алалы. Биздин артыкчылыгыбыздын төрттөн бир бөлүгүн дагы колдонбой жатабыз.
Башка өлкөлөрдө колдонулбаган инновациялык багыттар дагы бар.Мисалы, жаңы дары каражаттарын өндүрүү, анын ичинде жеңил маңзаттарын колдонуу менен, биометрикалык технологиялар, клон жасоо ж.б. Кыргызстандын мыйзам базасын ылайыктап, эл аралык компанияларга бул багыттар боюнча иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берсек болот.
— Айыл-чарбасын кантип өнүктүрсөк болот? Биз агрардык өлкөбүз да, көпчүлүк серепчилер Кыргызстанда агрардык тармактын өнүкпөй жатканын айыл-чарба ишканаларын сактап калбай, жер реформасынын натыйжасында чакан дыйкан чарбаларынын түзүлгөнү менен байланыштырып келишет.
— Өлкөнүн экономикасы өнүксө дыйкан чарбалары өзүнөн-өзү ирилешет. Учурда агрардык тармакта чакан чарбалардын болушу жаман эмес. Дыйкандар үчүн өнүккөн кызмат көрсөтүүчү тармактын пайда болуусун шарттаган ири кооперациялар болушу керек. Мен айыл-чарба техникалары бар пункттар тууралуу айтып жатам. Дыйкандар ал жактан техниканы ижарага же лизингге ала турган болсо, алар айыл-чарба өнүмдөрү боюнча кеңеш алып, бизнесин андан ары өнүктүрө алса, ал кооперациялардан насыя же субсидия алууга мүмкунчүлүктөрү болсо жакшы болмок. Сактоочу жайлар, товардык-логистикалык борборлор болсо дегеним. Айыл-чарба тармагындагы саясат мына ушуларга багытталышы керек деп ойлойм. ЕАЭБге мүчө болгонубузду дагы жакшы багытта колдонуп калуубуз кажет. Биздин айыл-чарба өнүмдөр сапаты жактан атаандаштыкка туруштук бере алат. Бирок биз маркетинг жаатында аксап жатабыз.
— Кыскасы дагы бир программа жазыш керек экен да.
—Жок. 30 жылда ар кандай стратегияларды, экономикалык программаларды, ар бир тармак боюнча программаларды жазууга килограммдаган кагаздар коротулду. Бирок натыйжа жок. Эмнеге? Бул программалардын баары тажрыйбалуу серепчилердин катышусунда жазылбады беле? Менимче, бул программалардын баары куру кыял. Биринчиден, дүйнө тез өзгөрүп жаткан маалда 20-30-5 жылдык программаларды жазуу бул аракети көп бирок берекеси жок иштер. Албетте өлкөнүн максаттарын белгилеш керек. Бирок алар конкреттүү, акылга сыярлык жана аткарыла тургудай болушу кажет. Башка иштерди болсо ар бир багытты камтыган, ар түрдүү долбоорлордон турган программалардын алкагында жасап, анын ишке ашуусуна жоопкерчилик алган адамдар болушу шарт.
Мен парламентке келсем реформалар борборун түзүүнү демилгелейм. Албетте, бул азыркы шарттуу гана аталыш. Биз алдыга умтулуудагы эң башкы тоскоолдук жараткан көйгөйдү чечүүбүз керек – ал мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу. Себеби система өзүн өзү эч качан реформалай албайт жана аракет да кылбайт.
— Бирок реалдуу реформаларды жасоо үчүн чечимдерди кабыл алгандардын эрки болушу керек го.
— Эрк гана жетиштүү эмес. Өзгөрүүнүн баарын өзүбуздөн баштообуз кажет. Биз катачылыктарыбыз үчүн өзүбүздү эмес, башкаларды күнөөлөп көнүп калганбыз. Мисалы, бүгүн Жогорку Кеңешти сөкпөгөн адам жок. Бирок чындыкка тике карай турган болсок, алтынчы чакырылштагы парламенттин курамы – бул “Ак үйдүн” гана иши эмес, бул шайлоочулардын добуштарынын сатканынын дагы натыйжасы. Бирок тилекке каршы, азырынча коом муну моюндабай эле.
Маекти Темирбек Орозбаев даярдады.