Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.
Elgezit.kg маалыматтык-аналитикалык порталы бул жумада ата мекендик окумуштуулардын, серепчилердин жана саясатчылардын катышуусунда “Дүйнөлүк тарых жана кыргыз саясатчылары. Тарыхтан алынбаган сабактар” деген темада тегерек стол өткөрүүнү пландоодо.
Саясат жүргүзүүдө тарых саясатчыларга кандай таасир этери, алар дүйнөлүк тарыхтагы тажрыйбаларды эске алабы, алар кандайдыр бир иштерди жасоодо тандоону кантип жасары ж.б. тууралуу тема чындыгында өтө кызыктуу. “Тарых сабактары” рубрикасынын автору катары негизги докладды мен жасайм. Дүйнөлүк практикада тарыхый тажрыйбанын, белгилүү тарыхый инсандардын ролу өлкөнүн жада калса, дүйнөнүн тагдырында алда канча маанилүү.
Мисалы, гений Александр Македонскийдин жана Гай Юлий Цезардын тарыхына жана демократиясына кызыкканы Наполеондун карьералык өсүүсүнө, анын саясатына чоң таасир берген. Анын 1804-жылы кабыл алынган белгилүү Жарандык кодекси азыркыга чейин эрежелерди аныктап турат жана ал Рим укуктарына негизделген. Революциялык Францияда алгачкылардан болуп консул кызматы киргизилген, аны Наполеон Рим мамлекеттик түзүлүшүнөн таасирленип түзгөн, анда республиканы бир эле учурда Сенат тарабынан тандалган эки консул башкарчу. Ошентип Франция республика болуп калды, ал эми Наполеон болсо “француз улутунун исператору” болду. Бул Рим тарыхын кайталоо гана эмес, байыркы философиялык идеологияга – демократияга жетүү жолу болду.
Напалеон Гитлерге же Сталинге салыштырмалуу өтө катаал диктатор болгон. Ал адамдардын укугуна, конституцияга, жеке менчикке ишенген. Ошондуктан Францияны “полициялык мамлекетке” айланткан жок. Ал “гильотинди” (массалык өлүм жазасын) токтотуп, реформа жасап, Францияны заманбап гүлдөгөн өлкөгө айланткан. Мунун тамыры кайрадан эле барып байыркы Грециянын жана Римдин тарыхына такалат. Наполеон Гай Юлий Цезардын байыркы тарыхына көп кызыгып жүргөндүктөн ал бийликке келгенден кийин кумири Цезарь сыяктуу эле Британияны багынтууга аракет кылат деген чочулоолор болгон. Ошентип Наполеон Цезардын каталарын анализ кылуу менен Англияга жортуул жасоого даярдана баштаган. “Цезардын болгону 2 легиону болгон, негизи 4өө керек эле. Анын кавалериясы жок болгон жана анда чабуул жасоо үчүн материалдык базасы жетишерлик болгон эмес”, — деген Бонапарт. Ал Улуу Британияны басып алуу үчүн 350 миң адамдан турган армияны, флотту даярдаган. Армияны реформалоодо дагы байыркы тажрыйбаны эске алган. Аскердик милдеттерди киргизип, аскердик корпустарды түзгөн, ар бир полкто өзүнүн Бүркүтү болгон жана аскерлерди жоготуу өтө уят деп саналган. Аскер катары аристократтар – рыцарлар согушкан эски Европага салыштырсак, мындай өзгөрүүлөр аскердик ишке карата жасалган жаңы кадамдар болгон.
Сталинге болсо орус падышасы Иван IV (Грозный) чоң таасир берген. Мурда ал кыйноочу катары белгилүү болгон, бирок күнөөсүз өлтүрүлгөндөр бара-бара унутулуп анын улуу иштери гана элдин эсинде калган. Натыйжада аны “Грозный” деп атап башташкан. Сталин сөзүндө анын устаттары Маркс жана Ленин экенин айтканы менен, үч жолу Грозныйдын басып өткөн жолунан сабак алганын иш жүзүндө далилдеп койгон.
Гитлердин кумири болсо географ, картограф жана жазуучу, аскерий журналист, сүрөтчү жана дипломат, этнограф жана коомдук ишмер Свен Гедин болгон. Япониянын жана Астро-Венгриянын императорлору дагы анын пикири менен эсептешишчү. Аны авантюрист, окумуштуу аташып, бойдок болгондуктан катынпоз жана гомосексуалист деп да келишкен.
Өзбекстанда көз карандысыздык маалында улуу Тамерланды улуттук баатыр катары сыпатташып, Каримовду ага салыштырып келишкен. Ал эми коңшу Казакстанда болсо Чынгызхандын образы акылман, темирдей бекем жана адилеттүү адам катары белгилүү болгон.
Ал эми президент Акаев болсо Манас атабызга окшошкусу келчү.
Ошондуктан кыргыз саясатчылары кайсы тарыхый инсанды абройлуу деп санап, кимди туу тутарын коомчулук билсе жакшы болмок. Ошондо гана эл ал адам кандай башкаруучу болорунан, андан эмнелерди күтүү керектигинен жана өлкөнүн келечектеги өнүгүүсү үчүн кандай максаттарды көздөрүнөн кабардар болмок.
Биздин үч президент тең тарыхый миссиясын таш талканга айлантышты. Тарыхты начар билгени үчүн гана эмес. Анын себеби тереңде. Ал биз өткөн күндөргө, азыркы убакка жана келечекке жоопкерчиликсиз караганыбызда.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.