3-май басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Сорос-Кыргызстан” фонду «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аталышындагы экинчи республикалык карикатура сынагын жарыялайт.
Сынактын негизги максаты: Кыргызстандагы сөзэркиндиги жаатындагы маселелерге коомчулуктун назарын буруу.
Сынактын милдеттери: Карикатуралар аркылуу КРдеги сөз эркиндиги жаатындагы маселелерди көрсөтүү; КРде карикатура өнөрүн өркүндөтүүгө салым кошуу.
Сынактын катышуучулары:
Сынакка кесипкөй сүрөтчүлөр менен катар кесипкөй эмес сүрөтчүлөр, чыгармачыл кесипке үйрөнүп жаткан студенттер жана көркөм мектептер менен студиялардын окуучулары, дегеле карикатура жанры менен алектенген бардык адамдар катыша алат. Сынакка эмгектер Кыргыз Республикасынын жарандарынан гана кабыл алынат.
Карикатураларды баалоодо төмөнку нерселерге көңүл бурулат:
- Сынактын тематикасына туура келиши;
- Өзгөчөлүгү;
- Эмгектин сапаты.
Эмгектер боюнча талаптар:
- Карикатуралар кагазда же картондо графикалык же живопистик техникалардын бардыгында даярдалышы мүмкүн, форматы А4;
- Карикатуралар санариптик форматта да даярдалышы мүмкүн (jpg, png же pdf, туурасы жана бийиктиги 1280х720p кем болбошу керек);
- Эмгекти сынакка жиберип жатып авторлор же алардын мыйзамдуу өкүлдөру төмөнкү нерселерге макул болушат: Сынактын катышуучуларынын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга; Сынактын уюштуруучулары жана КР ЖМКлары автордук эмгектердин көчүрмөлөрүн (авторун жана сынактын аталышын келтирүү менен) өз материалдарында кошумча алдын-ала макулдашуусуз жана акысыз колдоно алышына.
Сыйлык тапшыруу:
Сынактын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана төмөнкү өлчөмдөгү акчалай сыйлыктар (бардык салык төлөмдөрү менен кошо эсептегенде) тапшырылат.
1-орун – 30 000 сом;
2-орун – 25 000 сом;
3-орун – 20 000 сом;
2 кызыктыруучу сыйлык – ар бири 10 000 сом.
Сынакты өткөрүү тартиби:
Сынак эки баскычтан турат:
1-баскыч: 2020-жылдын 10-февралынан 17-апрелине чейин 720021, Бишкек ш., Ибраимов, көч. 115, 2-кабат, №10 бөлмө дареги боюнча же электрондук почтасы аркылуу «Карикатуралар сынагы» деген жазуусу менен эмгектер кабыл алынат. Ар бир эмгек төмөнкү маалыматтар менен коштолушу зарыл:
- автордун аты-жөнү, кесиптик статусу;
- байланыш маалыматтары;
- эмгектин аталышы;
- тартылган жылы;
- материалы жана техникасы тууралуу маалымат;
- эмгектин айтайын деген негизги ою.
Ар бир автордон 5тен ашык эмес эмгек кабыл алынат.
2-баскыч: 2020-жылдын 20-24-апрелдеринде жеңүүчүлөр аныкталат.
Сынакка жиберилген бардык материалдар “Карикатура” karikatura.journalist.kg сайтында жана “Азаттык Медиа” (www.azattyk.org), “Кактус Медиа” (kaktus.media), “ПолитКлиника” (pk.kg) жана “Т-Медиа” (t-media.kg) медиа-өнөктөрүбүздүн сайттарында жарыяланат.
Жеңүүчүлөрдү медиа уюмдардын, ЖМКлардын өкүлдөрүнөн жана кесипкөй сүрөтчүлөрдөн турган калыстар аныктайт.
Жеңүүчүлөрдүн ысымдары 3-майда басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата Бишкекте өткөрүлө турган карикатуралар көргөзмөсүнүн ачылышында аталат. Ошондой эле бул иш-чара учурунда бардык каалоочулар үчүн кесипкөй сүрөтчүлөр карикатура боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт.
Кошумча суроолор болсо төмөнкү телефондорго чалып:
+ 996 (312) 29-94-52, + 996 (550) 28-18-99, + 996 (777) 45-10-83,+996 (555) 935-223
жежанапочталары аркылуу жооп алаласыздар.