Сооронбай Жээнбеков: Эч кандай жер, кен байлыктар берилген жок жана берилбейт

Окуялар тизмеги 07 Фев 2020 14:22
0 ой-пикир

Биз тышкы карызды башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты өзгөрттүк. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 6-февралда Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Каржы министрлиги насыяларды кечүү, аларды төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча иштеп жатат, министрликте атайын башкармалык түзүлгөн. Мамлекеттик тышкы карыздын суммасы акыркы эки жылда ички дүң продуктуга карата 53 пайыздан 44 пайызга чейин төмөндөдү. Сооронбай Жээнбеков бардык сырткы карыздар калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык долбоорлор сыяктуу тез натыйжа бере турган долбоорлорго карата абдан рационалдуу колдонулушу керектигин баса белгиледи.

Орточо эсеп менен кийинки 10 жылга тышкы карызды тейлөөгө жылына 23 млрд сомдон ашык же 335 млн доллар жумшаларын айтты. Тышкы карыздарды төлөөнүн максималдуу чеги 2025-2029-жылдар аралыгына туш келет.

«Негизи, бардык мамлекеттер карыз алып, эл аралык финансы институттары менен кызматташат. Биздин мамлекет да эгемендүүлүк алган алгачкы жылдардан тартып тыштан карыз алып келди. Маселе башкада. Биз ушул карызды кандай пайдалана алдык? Буга чейин алынган карызды төлөшүбүз керек. Милдеттенмелерибиз бар. Анын баарын төлөйбүз. Эч кандай жер, кен байлыктар берилген жок жана берилбейт», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал узак мөөнөткө, грант элементи жогору болгон, жеңилдетилген насыяларды тартып, алар экономиканын приоритеттүү делген энергетика, жол инфраструктурасы, таза суу, ирригация, кайра иштетүү, айыл чарба тармактарына жумшалып жатканын айтып берди. Жеңилдетилген узак мөөнөттүү карыз жана инвестицияларды тартмайынча экономикалык өнүгүүгө жетишүү мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

«Киши башына ички дүң продукциянын үлүшүн көбөйтүү үчүн заводдорду жана фабрикаларды куруп, инфраструктураны жакшыртып, туризмди өнүктүрүү зарыл. Мисалы, таза ичүүчү суу жок болсо, туризмди өнүктүрө албайбыз, сугат суунун көлөмү жетишсиз болсо, айыл чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан биз инвестицияларды тартып, инвесторлор үчүн шарттарды түзүп, сырткы карыздарды рационалдуу жана натыйжалуу пайдаланышыбыз керек», — деди өлкө башчы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.