Алмаз Баратов атайын Elgezit.kg үчүн.
Кыргызстандын саясатташкан коомунда парламенттик шайлоо эң көп талкуу болгон темалардын бири болууда. Ким ким менен кандай шартта каякка барары талкуу чордонунда.
Шайлоого чейин оюндун эрежелери алмашпайт окшобойбу. Башкача айтканда, шайлоо 4-октябрда, өз мөөнөтүндө өтөт көрүнөт. Жогорку Кеңешке келүү үчүн партиялар 9 пайыздык босогону өтүп, 5 миллион сом шайлоо күрөөсү болушу керек.
Буларды эске алсак, анда парламентке болгону 2-3, эң көп дегенде 4 партия өтөрү бышык. Тактап айтканда, аларды партия деп атоо кыйын. Себеби депутаттык мандат алуу үчүн саясатчылардын көбү айла жоктон бир топко биригип, бир аталыш менен барууга аргасыз болушат. Саясий партиялар институтунун эволюциясы тууралуу айтуу кыйын. Бирок биз өзүбүзгө керек деп аныктап алган эрежелер дал ушундай болуп турат.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышы беделин бир топ түшүрүп алды. Ошондуктан партиялык талааны жаңыртуу зарыл болууда. Мисалы, КСДПнын ордуна – “Биримдик”, “Республики – Ата Журт” жана “Өнүгүү-Прогресстин” ордуна – “Мекеним Кыргызстан” ж.б.
Жаңылануу чындыгында формалдуу болот. Себеби көпчүлүк депутаттар, алардын арасында арты таза эместер дагы жаңы парламентке талапкерлигин коюшат.
Ийгиликке жетиш үчүн партиялар “Ак үйдөн” колдоо табышы керек, ошондой эле аз эмес каражат жана аларга ишенген шайлоочулар да болушу зарыл. Ал эми жогоруда айтылгандай шарттары бар болгон партиялар жеңишке жетери же жетпеси шайлоо кампаниясынан көз каранды болот.
Азырынча негизги катышуучулардын баары бекинип алып кутүп жаткандай. “Ак үйдүн” батасынбы же акыркы ички чечимдердиби азырынча белгисиз. Бирок Жогорку Кеңешке өтүү үчүн негизги талапкер аталган партиялар масштабдуу PR-кампаниясын жүргүзбөйт окшойт.
Каражаттын жоктугунан эмес, зарылдык жок дешет өндүү. Себеби алар өздөрүн жарнамалагандан көрө шайлоо күнү шайлоочуларды сатып алып же аларга кысым көрсөтүп жеңишке жетүү эффективдүү деген ойдо.
Ошондуктан бүгүн абал башкача. Саясий партиялар ачык болушу керектигине карабай, электорат ичинде интригаларды жаратышууда. Айрымдар партиянын сайтын толтурбай, бош таштап, жакында бул жерде уникалдуу маалыматтар пайда болот дешсе, кимдир бирөөлөр жаңы саясий платформа түзүп жатканын айтууда. Бирок алар эски платформа эмнеге начар болгонуна түшүндүрмө берише элек. Арасында ММКларга кыска маек берүү менен чектелгендер да жок эмес.
Бирок алдыда боло турган шайлоо 2015-жылдагы шайлоодон айырмаланат. Дегеним, келечектеги Жогорку Кеңешке шайлоочуларынын алдында легитмдүүлүгү үчүн күрөшүүгө туура келет. Башкача айтканда, бийликти алуу менен гана эмес, аны кармап калуу менен да алек болушат. Эгерде шайлоочулардын чыныгы колдоосун албаган болсо, анда депутаттык корпустун тагдыры бүдөмүк экени бышык.
9 пайыздык шайлоо босогосу баарына тегиз мүмкүнчулүк бербейт. Буга өз убагында өздөрүн элге тааныштырып, жарнама кылууну каалабаган, эл жада калса атын билбеген партиянын жеңиши кошулса, анда саясиий абал бир топ курчушу мүмкүн. Бирок дал ошондой абалды алдын алалы деп оюндун жаңы эрежелерин ойлоп табышпады беле? Тилекке каршы, абал өзгөргөн жок, себеби оюндун эрежелерин ойлоп тапкандар азыр жок, алар кеткен бирок эрежелер кала берди…
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.