АСКЕР САКЫБАЕВА — атайын Elgezit.kg үчүн.
Кыргызстандын укук коргоо системасында пробация институту алгачкы кадамдарын жасап жатат. Бул институттун ийгиликтүү иштеши мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө, кызматкерлердин кесиптик даярдыгына көз каранды. Ал эми Голландияда бул институттун иштегенине 200 жыл болуптур! Бизге бул тууралуу Голландиянын пробация кызматында отуз жылдан ашык иштеген эл аралык эксперт Бен Зенгеринк айтып берди. Бен Зенгеринк өз тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн, Бишкекте 30-31-январда өткөн соттолгондорду классификациялоо боюнча эки күндүк семинарга катышкан.
- Өзүңүз жөнүндө айтып берсениз? Кайсы тармакта, кандай тажрыйбаңыз бар?
- Мен Голландиядан келген адисмин. Голландиянын пробация системасында 35 жылга жакын иштегем. Жети жыл мурда Амстердам шаарындагы пробация департаментинин директору катары ишимди аяктагам. Билимим боюнча социологмун жана мамлекеттик башкаруу боюнча да адисмин.
- Азыр Голландияда түрмөлөр жабылып жатпайбы, бул эмнеге байланыштуу? Мындай көрүнүштү пробация институтунун ийгиликтүү ишинин натыйжасы десе болобу?
- Керектүү далилдер менен бекемделген акыркы илимий изилдөөлөргө караганда, кылмышкерлерди узак мөөнөткө түрмөгө камоо, түрмөдөгү чөйрө кылмыштуулуктун алдын алууга, коомдун коопсуздугун камсыздоого алып келбейт экен. Түрмөлөр келечектеги кылмышкерлердин “университети” болуп кала берери белгилүү. Биз салык төлөөчүлөрдүн каражатын коротуп түрмөдө кылмышкерлерди кармап, коомду ушинтип коопсуз кылып жатабыз дегенибиз менен, иш жүзүндө коомдун коопсуздугун ого бетер азайтып жатабыз. Башкача айтканда ушундай “университеттерди” салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржылап жатабыз. Иштин мындай абалы бардыгына эле жага бербейт, бирок чыныгы абал ушундай. Мурда жаза аткаруу системасы жазанын кайра кайталанбай тургандыгына (необратимость наказания) негизделчү. Жазалоо кылмыштын алдын алуунун башкы каражаты деп эсептелчү. Бирок коом өзгөргөн сайын биз дагы кылмыш деген эмне, аны жазалоо эмнеге алып келет деп, аларды аныктоого башкача көз караштан карап жатабыз. Азыркы кылмыштардын социалдык-психологиялык шарттарына, профилине терең маани берип жатабыз. Ошон үчүн жазалоо дегенде кылмышкердин жасаган кылмышынын көлөмүнө жараша адилет жаза берүүгө, анын кылмышынын кандай натыйжаларга алып келе тургандыгына жараша ага жаза берүүгө аракет кылабыз.
Бул жерде философиянын айырмачылыгы, биз көздөгөн саясаттын айырмачылыгы тууралуу кеп болуп жатат. Эң алгач биз кылмышкерди жазалайбыз, аны коомдон бөлүп камап салабыз. Ошол эле учурда ал кайра коомго аралашканда эмне болот деп ойлогон эмеспиз. Эми биз андай адамдын коомго кайра аралашуусу эч кандай тоскоолдуксуз болуп, башкаларга зыянын тийгизбей тургандай болушу керек деп ойлойбуз. Ошондуктан биз өзүбүздүн программаларга рецидив кайра кайталанбай тургандай ыкмаларды кошобуз.
- Ал кандай ыкмалар экендигине кенен токтолуп кетсеңиз?
- Бүгүнкү күндө кылмыш иши судьяга жеткенде ал кылмыш жасаган адамды түрмөгө жибереби же пробацияга кетиреби, бул боюнча судья принципиалдуу чечим кабыл алат. 2009-жылдан баштап, Голландиянын бийлиги жаңы соттук философияны колдонуу чечимин кабыл алды. Аны милдеттүү түрдө бардык судьялар колдонушат. Ал мындайча: жасалган кылмыш, анын бардык жагдайлары мүмкүнчүлүк берип турса, кылмыш жасаган адамга пробация кызматы тарапка тандоо жасалат, аны эркиндиктен ажыратпоого аракет кылынат. Судья кылмыш жасаган адамга карата кандайдыр бир чечим кабыл алыш үчүн пробация офицеринин маалыматына таянат. Мыйзам боюнча пробация офицерлери жогорку билимдүү адамдар болуп, пробация кызматына олуттуу тандоодон кийин кабыл алынышы керек. Мындан башка алар тиешелүү билимге, көндүмдөргө ээ болуусу зарыл. Себеби, алар судьяга илимге негизделген, далилдерге таянган кеңештерди бериши керек. Ошондуктан пробациянын өзөгүндө бардык тобокелчиликтерди анализден өткөрүү жатат. Бул түзүмдөргө бөлүнгөн анализ, демек, кылмышкер эмне болгон эркек же аял, ал кандай потенциалдуу кылмыш тобокелчиликтерин алып жүрөт, анын кылмышынын натыйжалары эмнеге алып келиши ыктымал, түрмөдө ал өзүн кандай алып жүрүшү ыктымал деген сыяктуу анализдер. Башкача айтканда ар бир кылмышкер тобокелчиликтеринин жогору же төмөн экендигине жараша бөлүнүшөт. Ошо тобокелчиликтердин деңгээлине жараша анын жүрүм-турумуна көзөмөл коебуз. Ага кандай билим берүү керек, кандай көндүмдөрдү үйрөтүүгө болоорун да изилдеп чыгабыз. Булардын бардыгы пробация кызматкеринин докладында камтылат. Албетте, судья анын бул докладын көңүлгө алат, бирок бул доклад анын чечим кабыл алуусунда негизги роль ойнобойт. Судья башка жагдайларды да эске алат. Биринчи кезекте адамдын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экендигин эске алат. Буларды бүткөндөн кийин, судья үчүн бул иштин экинчи бөлүгү башталат. Ал пробация кызматкеринин докладын эске алат. Судья пробация кызматкеринин докладын изилдеп чыгып, кылмыш кандай шартта жасалганын, анын социалдык, психологиялык абалын изилдөөнүн жыйынтыгын эске алат, адамды эркиндиктен ажыратса анын түз жолго түшүү мүмкүндүгү канчалык жогору экендигине карап, бул адам жазалоонун кайсы жолу менен кетсе туура болот деп, анан өзүнүн акыркы чечимин кабыл алат. Андан кийин ал прокурор, адвокаттар, тергөөчү, пробация офицери менен көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ушундай ар тараптуу консультациялардын негизинде судьянын чечими чыгат. Эгер жаза пробация тарабына боло турган болсо, ага кандай жаза ыйгарыш керегин чечет. Судья мисалы, пробация кызматынан өтүүгө жарым жыл мөөнөт берип, эгер кылмыш кылган адам жарым жыл ичинде керектүү талаптарды бузбай туура аткарса, анда түрмөгө кесилбей турган чечим чыгарат. Мындан тышкары бизде көп жылдан бери мындай практика бар: эгер судья кылмыш кылган адамдын кылмышы аны бир жылга гана эркинен ажыратууга гана жол берет деп эсептесе, андай адам автоматтык түрдө пробациядан өтүүгө жол ачылат. Эгер бир жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыкса, ал автоматтык түрдө пробацияга алмаштырылат.
- Абдан кызык экен. А эмне үчүн мындай?
- Эгер адамды бир жыл түрмөгө отургузсак, пенитенциардык система аны бир жыл ичинде керектүү көндүмдөргө үйрөтө албайт, себеби убакыт жетишсиз болору илимий жаткан далилденген. Кылмыш кылган адамдын жүрүм-туруму бир жылда өзгөрбөйт, ошон үчүн бир жылга кесилген адамдарды түрмөгө камоо коом үчүн пайдасыз. Андан көрө аны шарттуу мөөнөткө алмаштырсак, пробацияны колдонсок туура болот. Эгер кылмыштын алдын алуу жагына келсек, бир жыл ичинде кылмыш жасаган адамга эч нерсе жасай албайбыз. Эгер кылмышкерди эркинен ажыратпастан башынан эле ага пробацияны колдонсок, анда пробациянын позитивдүү, конструктивдүү иш-чараларын ал адамга биринчи күндөн тарта эле колдоно баштайбыз. Адамды эркиндиктен ажыратпастан, ал ошол эле учурда коомдун мүчөсү да болуп, ошол эле учурда жаза алып жатканы да болот. Кылмыш жасаган адам өзүнүн ишин да, үй-бүлөсүн да жоготпойт, туугандык катыштарын сактап калат. Ошол эле учурда ал алкоголдук ичимдиктерден же баңгизаттардан баш тартуу курстарына бара берет. Мындан тышкары ал өзүнүн кылмышы менен келтирген зыянды толтуруп бере алат. Эгер ал адамды бир жылга түрмөгө отургузуп салсак, анда анын өмүрүндөгү абдан негативдүү учур болуп калат. Ал мындан жакшы мотивация албайт. Анткени түрмөдө аны тарбиялуу, конструктивдүү жакшы адамдар эмес, кылмышкерлер курчап турат. Түрмөдө баары бир ырайымсыздык өкүм сүрөт.
- Сиз Голландиянын тажрыйбасын абдан сонун айтып жатасыз, себеби сиздерде бардыгы илимий жактан негизделип, далилденип иштер жасалат экен да! Эми Кыргызстан да пробация институтун туура жолго коюусу үчүн кандай кеңештерди берер элеңиз?
- Албетте, Голландияда пробация институту орногонуна эки жүз жылдан ашты. Башкача айтканда жазалоонун альтернативдүү системасы иштеп жатканына ушунча убакыт болду. Бирок пробация институту иштеп келе жатканына жүздөгөн жылдар болсо да, бир жылдык кылмыштарды автоматтык түрдө пробацияга алмаштыруу 2009-жылдан тарта эле иштеп келе жатат. Кыргызстандык пробация институтун түзүп жаткандарга карата бере турган менин кеңешим, адамдарды коомдон бөлүп салууга эмес, коомдо калтырууга басым коюлганы жакшы болор эле деп айткым келет. Экинчи менин кеңешим, башка өлкөлөрдүкүн дал ошондой көчүрүп кайталабаш керек. Анткени Кыргызстандын өзүнүн тарыхы, улуттук баалуулуктары бар. Өзүңөрдүн уникалдуу саясый маданиятыңар бар. Ошондуктан силер өз жолуңарды табышыңар керек. Башка өлкөлөрдүн мыкты, алдыңкы тажрыйбаларын алып, Кыргызстандын кыртышына ылайыктап колдонгула демекчимин. Силер да бир мөөнөт коюп, мисалы момундай кылмыштар ушунча убакытттан кийин пробацияга өтүшү зарыл деп алсаңар болот. Сиздерге ылайыктуусун гана алсаңар болот. Биз сиздерге эмнени кандай кылууну үйрөтүү үчүн эмес, башка өлкөлөрдө пробация институту кандай иштеп жаткандыгын айтып берели деп келдик. Пробация институту иштеп келген эки жүз жыл ичинде деле Голландияда баары идеалдуу болгон эмес, көп каталар кетирилген. Мен мурдагы советтик системанын көптөгөн өлкөлөрүндө иштедим, силер дагы көп каталарды кетирбей, мыкты тажрыйбаларды колдонуп, жакшы пробация институтун түзгөнгө шартыңар бар. Биз кетирген каталарды силер кетирбей коюуга мүмкүнчүлүк жетет. Мен мисалы, кыргызстандык кесиптештерге ишке ашырууга мүмкүн болбой турган нерсени эмес, ишке ашырууга мүмкүн болгон нерселерди аткарууга кенеш берет элем.
- Сиздин тажрыйбада пробация институтундагы рецидивдер канча пайыз болду эле?
- Бул актуалдуу суроо, жооп берүү да кыйын, себеби менде бүткүл Голландия боюнча көрсөткүчтөр бар. Кандайдыр бир көрсөткүчтү айтсаң, адамдар аны башка өлкөлөр менен, өз өлкөсү менен салыштыра башаташат. Мен башка өлкөлөрдө конференцияларда болуп калганда пробация кызматкерлери бизде рецидивдер 40 пайыз, 60 пайыз деп айтып калышат. Бирок ар бир өлкөдө рецидивдерди аныктоо, эсептөө методологиясы да ар башка экендигин эске алуу керек. Мисалы, сиз түрмөгө бир жылга кесиле тургандай финансылык кылмыш кылдыңыз дейли, сиз пробацияга кеттиңиз. Ошо бир жыл ичинде сизди полиция кызматкери машиненин ылдамдыгын көбөйткөндүгүңүз үчүн токтотту дей турган болсок, бир өлкөдө бул кылмыш деп эсептелбейт, башкача айтканда сиз рецидивист эмессиз, ал эми башка өлкөлөрдө бул кылмыш деп эсептелет. Ошондуктан сиздин суроого башкача жооп берейин. Он жыл мурда биз альтернативдүү жаза кызматын – пробация институтунун бир жылдык автоматтык түрүн киргизгенден бери криминалдын жалпы деңгээли, кылмыштардын жана оор кылмыштардын деңгээли бизде 15 пайызга төмөндөдү. Кылмыштар боюнча рецидивизм жалпысынан 15 пайызга ылдыйлады. Бирок айрым кесиптештер бул цифрага ар кандай карашат, “ушундай чоң реформа жасап анан кылмыштар боюнча рецидив болгону 15 пайызга азайдыбы?” дешет. Ал эми мунун социалдык жагын алып көрсөңүз, мисалы аялдар зордук-зомбулукка 15 пайызга аз кабылды, дүкөндөр 15 пайызга аз каракталды, адамдардын өлүмү 15 пайызга азайды дегенди билдирет. Көрдүңүзбү, бул 15 пайызга ар кандай караса болот. Ал эми кеп адамдардын өмүрү жөнүндө болуп жатса, мындайда бир пайыз да абдан чоң мааниге ээ.
- Голландияда көп түрмөлөр жабылып, бош калган түрмө имараттары башка өлкөлөргө ижарага берилип жаткандыгы чынбы?
- Акыркы он жылдан бери альтернативдүү жаза — пробацияны ишке киргизгенден бери кылмышкерлер азайып бара жатат. Так айтсак, акыркы он жылдын ичинде Голландияда 19 түрмө жабылды. Он жыл мурда Голландиянын 40 миллион калкына 50 миң кылмышкер туура келсе, азыркы кезде 26-29 миң кылмышкер туура келет. Ошол эле учурда калктын өсүп жаткандыгын да эске алуу керек. Ачыгын айтканда аз эле убакыт мурда курган жаңы имараттар бош калды, биз аны эмне кылышыбыз керек? Голлланддыктар ишкерликке абдан жакын улут, алар деңизде сүзгөн, соода кылган эл. Бирок биз Норвегияда, Бельгияда түрмөлөр жетишпей жаткандыгын жакшы билебиз. Ошондуктан биз Норвегияга түрмөлөрдү түздөн-түз ижарага беребиз. Жеке адамдарга эмес, мамлекетке ижарага беребиз. Аларда Бельгия менен Норвегиянын мыйзамдары, юрисдикциясы иштейт. Ошондо Голландиянын аймагындагы түрмөдө Норвегиянын же Бельгиянын түрмө администрациясы, кароолчулары иш алып барышат, кылмышкерлер да ошол өлкөнүн жарандары. Биз болгону имаратты гана ижарага беребиз.
- Сиздин оюңузча, пробациянын негизги миссиясы эмне болушу керек?
- Пробациянын негизги идеясы, максаты – коомдун бейпилдигин сактоо, адамдарды коомдон бөлүп салуу эмес, тескерисинче, адамдардын коомдо жашоосуна аракет кылуу, алардын социалдык базасын кыйратпастан коомго аралаштыруу. Бул үчүн тиешелүү программалар иштелип чыгат. Бирок пробация институтунун эсебинен эле коомдун тынчтыгын камсыз кылууга болбойт. Мисалы, айрым адамдар кылмыш кылса да, коомчулук арасында болуп, кайра кылмыш кылбайт, кээ бир адамдар оңолуу жолуна түшүүнү каалашпайт. Айрым адамдарга биз таптакыр таасир көрсөтө албаган учурлар болот.