Бишкекте эл аралык издөөдөгү 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралу УКМНнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган А.Н. — Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны. Ал Сириядагы эл аралык террористтик уюмдарга катыштыгы үчүн издөөгө алынган.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүк материалдын алкагында кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.