Бүгүн, 31-январда парламентте ишкер Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын отуруму өтүүдө. Отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана “Азаттык» үналгысынын өкүлдөрү катышууда.
Отурумда депутат Мирлан Жээнчороев комиссияга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жана бул иште аты аталган Жогорку Кеңештин депутаттарын чакырууну сунуш кылды.
» «Азаттыктын» иликтөөсүндө жана коомчулукта сын айтылып жүргөн Райымбек Матраимовду, депутаттар Алтынбек Сулаймановду, Дүйшөн Төрөкуловду комиссияга чакырсак. Аларды да уга турган шарт түзүлүш керек, » — деди депутат.
Комиссиянын төрагасы, депутат Талант Мамытов зарыл болсо аты аталган адамдар комиссиянын отурумуна чакырыларын айтты.
Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.
Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.