Түркиядагы Каппадокия тарыхый аймагына саякатка барган 10 кытайлык турист жана 2 түрк жараны коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Аксарай провинциясынын губернатору Али Манты билдирди.
Вирустун белгилери 1 адамдан байкалгандыктан, аны менен байланыш түзгөн дагы 9 киши жана гид менен автобустун айдоочусу да изоляцияга алынды.
Учурда бейтаптардан алынган анализдер Саламаттык сактоо министрлигине жиберилген. Жыйынтык чыкканга чейин туристтер көзөмөлдө калмакчы.
Алгач Кытайда катталган коронавирустан, соңку маалыматка караганда, 106 адам көз жумду, ооруп калгандардын саны 4,5 миңден ашты.
Кытайдан сырткары, Гонконг, Макао, Тайвань, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия, Малайзия жана Германияда катталды.