Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кытайдын вирус чыккан Ухань шаарындагы 30 өзбек студентин алып кетүүгө убада берди.
«Ухань шаарындагы 30 студент Өзбекстанга кайтарылат. Азыркы учурда Тышкы иштер жана Саламаттык сактоо министрликтери иш алып барууда», — деди Камилов.
Ухань шаарында 250 өзбекстандык бар. Алардын көпчүлүгү жогорку окуу жайларынын студенттери. Көпчүлүк студенттер семестрдин аякташына байланыштуу мекенине кайтып келишкен.
Эскерте кетсек, Кытайдагы коронавирустан 56 адам каза таап, бул илдет дүйнө жүзүндө 2 миңден ашык кишиге жукканы маалым болду. Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери жүрүшүнө чектөө киргизилди.
Кытай лидери Си Цзиньпиң жаңы жылдык куттуктоо учурунда оору көзөмөлдөн чыкканын, абал оорлошуп бара жатканын моюнга алды. Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери барышына чектөө киргизилди.
Гонконгдо да оору катталгандыктан, вирус боюнча чукул кырдаал жарыяланды. 26-январда АКШ Ухандагы жарандары менен дипломаттарын чыгарып кетиш үчүн чартердик каттам уюштурду. Шанхайдагы бир күндө 100 миң киши кирген Диснейленд, Гонконгдогу Океан паркы, кинотеатрлар жабылды.
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Ал штабдын курамына Саламаттык сактоо министрлигинин жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирген.
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жоктугу расмий түрдө билдирилген.