Туура киши кантип табылат? Же кимди ким кантип шайлайт?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 24 Янв 2020 09:48
0 ой-пикир

Туйгун Эргешов Elgezit.kg үчүн

Элибиз ар кимиси өз-өзүнчө тырмалап жүрүп, экономикада белгилүү бир жерге чейин келдик. Бирок, аябай узак мөөнөттө келдик. Эми мындан быякка дагы да буксовать этип жүрө бербей, элдик күчтү, синергияны пайдалана билүүнүн жолдорун табышыбыз керек. Эч бирибиз эл билгенди билбейбиз, демек биринчи кезекте элдин алдын, элдин жолун ачуу керек. Ал да элдин мыктыларын туура тандоодон башталат. Илимде, саясатта же коомчулукту алакадар кылган башка сфераларда дагы ылайык болгондорду таап чыгуу, тандоо оңой эмес, өзүнчө эмгек жана метод талап кылат. 

Биздин шайлоодо болсо эмгегибиз да жетишсиз, методубуз да толук эмес. Анан кантип каалаган натыйжага жетет элек. Нормалдуу бир шайлоо өткөрүү үчүн эң оболу шайлоо коопсуздугун уюштура билүү шарт. 

Эмнегеби? 

Мына, эң эле жөнөкөйү, бийликке келгендерди туура тандоо үчүн адил жана калыс шайлоо болушу керек экенин билебиз. Муну менен биз аң-сезимибиздин тереңинде өлкөдөгү мамлекеттик жана коомдук түзүлүштү, экономикалык саясатты жөндөй ала турганыбызды билебиз, билбесек дагы сезебиз. А бирок ошол калыс, адил шайлоого кантип жетиш керек, аны жакшы чече албай жатабыз. 

Шайлоо системасы маанилүү, бирок андан дагы маанилүүсү — бул шайлоонун коопсуздугу. Анткени өлкөнүн саясий, социалдык жана экономикалык абалын белгилеген, аныктаган, багыт берген факторлор бул мамлекеттик башкаруу системасы, саясий партиялар жана бийликти шайлоо системасы деп кабыл алсак, анда буларды ишке ашырууда да өлкө президенттик болобу, парламенттик болобу же аралашпы, кандай гана башкаруу системасын тандап албасын, өлкөнүн ички жана сырткы политикасына элдик мүдөөнүн так чагылдырылышын бир гана нерсе — шайлоо коопсуздугу гана камсыз кыла алат.

Кантиппи? 

Шайлоонун негизги принциби «купуя добуш — ачык эсеп» экенин билебиз. Мындагы купуя добуш окуясы белгилүү. Анда маселе жок. Бирок маселенин баары бул принциптин экинчи бөлүмүндө, добуштарды эсептөөдө жатпайбы. Добуштарды эсептөөнү эч кандай шектенүүгө, күмөн саноого себеп бербей тургандай, коомчулуктун вижданына да доо кетпегендей кылып жүргүзүү шарт экенин баарыбыз билебиз. А бирок, аны бүгүнкү күнгө чейин чече албадык. 

Анткени кээде проблеманын чечимин татаал бир процесстин ичинден издеп жүрүп, анын жөнөкөй эле бир ыкма менен чечилээрин байкабай калып жатабыз. Мында да ошондой эле абал бар. Калыс шайлоо өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн алгач шайлоо коопсуздугун ойлонуу абзел. Шайлоо коопсуздугу да бул шайлоочулардын бардыгынын беймарал келип добуш бере тургандай шарт болуп, бирок өзгөчө шайлоо пункттарын жаратуу менен суроолорду кошо туудурбай, добуш эсептөөнүн да кынтыксыз болушун камсыз кылуу дегендик болот. Бүтүндөй шайлоонун коопсуздугу ар бир сандыктын коопсуздугуна байланыштуу болорун аңдоо кыйын болбосо керек.

Демек, ишке шайлоо коопсуздугун орнотуудан баштоо биринчи шарт. Муну чечүү үчүн да алдыбызга эң жөнөкөй, бирок ошол эле убакытта эң чоң мааниге ээ 2 техникалык маселе чыгат: 

1) шайлоого катышууга шарт түзүү;

2) сандык коопсуздугу.

1) Ар бир кишинин шайлоого катышуусуна шарт түзүү — бул ар бир кишинин шайлоого эркин жана шайлоо убактысы ичинде каалаган саатта келип катышып, өз пикирин добуш аркылуу шайлоо натыйжасына чагылта билүүсүнө шарт түзүү дегендик болот. Биринчи проблема мына ушунда жатат. Акыркы референдумга 18 жаш үстү калктын 32%ти гана катышыптыр. Бул бизге бир нерсе айтпайбы? Добуш бергени берип, бербегени калып…

Шайлоого катышуунун аз болушунун бир себеби, кала берсе эң чоң себеби, сандыктарга бөлүнгөн шайлоочулардын санынын көп болушу. Эгерде баары бирден келип берсе, эшикти коругандардан башка эч кимиси добушун бере албай кетчүдөй. Ошондой эле болуп келбедиби. Анткени азыркы күндө 1 сандыкка 2000 ге чейин бюллетень батат, ошончону бир сандыкка салса болот деп 1500-2000 шайлоочуга бюллетендерин таштаганга бир! гана сандык коюп келе жатабыз. Ана, 1.500 шайлоочуга бир сандык дейли, болуптур. Эми ошол 1.500 киши канча убакытта добуштарын берип чыга алат? Ар бир шайлоочу добуш бериш үчүн шайлоо участкасынын эшигин аттап, бюллетенин таштап чыкканга чейин орточо 2 минута коротсо, баары кирип чыкканга 1500 х 2 мин. = 3000 мин б.а. 50 саат керек болот. Ооба, жаңылыш окубадыңыз — ЭЛҮҮ саат. Бирок добуш берүү убактысы 12 саат менен чектелүү болгонуна байланыштуу элдин баары шайлоо участкасына келсе эшиктен батпай, эшиктен батса сандыкка жетпей, сандыкка жетсе да убакыт жетпей добуш бере албай калып кетишет. Ошентип шайлоочулардын болгону 1/3 бөлүгү гана добушун берип калат. Акыркы референдумда ошондой эле болду. Эң жакшы шартта десең жарымы берет, бирок ал дагы күмөн. Калганы бере албай эле калган болот.

Биз бүгүнгө чейин шайлоону 2-3 күндүк кылып түзүп алып, бирок бир күндө чала-бучук эле кылып бүтүрүп коюп атабыз. Анан натыйжасы жакшы болот беле?.. 

Демек, биринчи бул маселени чечишибиз керек.

Чыгыш жолубу?

Бар!.. Бул маселе сандык санын көбөйтүү менен чечилет. Ар бир сандыкка 350 дөн ашпагандай кылып гана, ооба 350 гө чейин гана шайлоочунун бюллетень таштай тургандай кылып бөлүш керек*. Бирден көп  урнага караган УИКтер жоюлуп, ар бир сандык үчүн өз-өзүнчө Сандык Шайлоо Комиссиясы (СШК) түзүлө тургандай кылып, турмушта колдоно башташ керек. Бул үчүн административдик чечимдер жетиштүү, мыйзамдык өзгөртүүлөргө кажет жок. Калганы анан аркасынан өзү эле келет…

2) Сандык коопсуздугун камсыз кылуу — бул шайлоо процессиндеги эң маанилүү маселе. Шайлоо өткөрүү бул мамлекеттин эмес, элдин жана партиялардын жумушу.   

а) Сандыктарды 350 кишилик кылып уюштуруу сандык коопсуздугунун эң алгачкы жана маанилүү кадамы. Муну менен добуштарды ылгоо, эсептөө жана аны контролдоо жеңилдейт. Анткени 1500 добушту ылгоо менен 350 добушту ылгоодогу кеткен күч, энергия жана убакыт бирдей эмес. Добуш берүүнү да 20.00 да эмес, 17.00 дө токтотуп, жыйынтыгын да эртерээк чыгарып сала тургандай болуш керек. Түнү менен эсептеп чыкпай. 

б) Шайлоо мамлекеттин эмес, элдин жана партиялардын жумушу болгондуктан ар сандык үчүн парламентте болгон партиялардан баштап бешөөнүн партия мүчөсү, төрага менен катчынын мамлекеттик кызматкерлерден боло тургандай кылып 7 кишилик СШК’ларды түзүү. Партия мүчөлөрүнүн документация иштерине жаткындуулугу ар дайым гарантия болбогон үчүн мында мамлекеттик кызматкерлерди пайдалануу оң.

в) бюллетендер эсептелип атканда байкоочулар жана кызыккандар эсептөө процессин сандыкка жакын жерден, сандык турган класстын (бир класс — бир сандык) ичинде карап байкап турса болот. Бул «купуя добуш — ачык эсеп» принцибинин 2-бөлүгүнүн аткарылышы эле болот.

г) ички иштер министрлиги кызматкерлери сандык турган жерге 100 метрден жакын келбеши керек. Бир гана учурда, СШК төрагасынын чакыруусу менен гана келе алышы керек.

Эгер маселелерди чечүүдө элдин салымы, ишбилги кишилердин жол көрсөтүүсү болсун десек, анда мына ушул төмөнкү суроонун жообун издешибиз керек. Элдик каалоону, элдин эркин кантип мамлекеттик саясатка айланта алабыз? Мунун да монархиялык режим болбогон өлкөлөрдө бир гана жообу бар — шайлоо жолу аркылуу. Жөн эле шайлоо эмес, адилеттүү шайлоо аркылуу! 

Ошондо, биз шайлоодон эмнени күтөбүз?

Туйгун Эргешов, жеке ишкер

Адилеттикти, калыстыкты күткөн болобуз. Чынбы? А адилеттик менен калыстык кантип сакталат? Ал дагы ар бир шайлоочунун пикирин добуш аркылуу алуу жана бир дагы добуштун зыян болбой эсептелип бааланышы менен сакталат!

Туурабы? Бир шайлоодо адилеттик, калыстык болсун десек, анда ал шайлоонун «купуя добуш — ачык эсеп» принциби менен өтүшүн камсыз кылуу керек. Демек окуянын баары шайлоо коопсуздугуна б.а. бюллетендердин салынып, топтолуп анан ылгана турган жер болгон сандыктын коопсуздугуна байланыштуу болот! 

*ар бир 350 шайлоочуга бир сандык жана ошол ар бир сандык үчүн шайлоо комиссиясын (СШК) түзүү (бир же бирден көп сандыктарды караган участкалык шайлоо комиссиялары эмес) практикасы Турциянын шайлоосунда ийгиликтүү түрдө колдонулуп келе жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.