Журналист Канышай Мамыркулова жарандык активист Самат Алиев менен биргеликте вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сотко беришти. Бул тууралуу журналист фейсбук баракчасына жазды.
Канышай Мамыркулова жана Самат Алиев арызды Бишкектин Биринчи май райондук сотуна беришкен. Ага чек ара маселесинде Жеңиш Разаковдун аты аталганы, нааразылык акциясына чыкканкандарды саткын деп атаганы себеп болгон.