Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович Өзгөчө кырдаалдар министринин кызматынан бошотулуп, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Нурболот Мирзахмедов 1978-жылы 26-октябрда Жалал-Абад облусундагы Көк-Жаңгак шаарында туулган.
Билими:
2004 — Жалал-Абад коммерциялык институтун экономист адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
1999 — иш жүргүзүүчү, Мамлекеттик салык инспекциясынын Көк-Жаңгак шаары жана Сузак району боюнча инспектору;
1999 – 2007 — штаттан тышкаркы салыкчы, башкы мамлекеттик салыкчы, бөлүм башчы, Мамлекеттик салык инспекциясынын Аламүдүн району боюнча инспекциясынын жетекчи орун басары;
2007 – 2010 — Сузак районунун акиминин биринчи орун басары;
2010 – 2015 — Сузак районунун акиминин милдетин аткаруучу, аким;
2015 – 2016 — Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын катчылыгында эксперт;
2016 – 2018 — КР Эсеп палатасында аудитор;
2018 — 2020 — өзгөчө кырдаалдар министри;
2020-жылдын 23-январынан тарта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү.