ИИМ: Журналистке кол салуу фактысы боюнча төрт жаран кармалды

Окуялар тизмеги 14 Янв 2020 12:07
0 ой-пикир

“Factcheck.kg” баш редактору Болот Темировго кол салуу фактысы боюнча төрт жаран кармалды. Бул жөнүндө Ички иштер министрлиги маалымдады.

9-январда Бишкек шаарына караштуу Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына “Factcheck.kg” интернет сайтынын башкы редактору Болот Темиров жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 9-январында саат 12:45 чамасында Бишкек шаарынын Эркиндик бульварынан азиат түспөлүндөгү белгисиз 25-30 чамасындагы үч жаран кол салып, күч колдонуу менен сабап “Samsung” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып качып белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жоруктар жана кылмыштардын бирдиктүү ресстерине катталып, Жазык кодексинин 201-беренесинин 1 –бөлүмүнө каралган тоноо боюнча иш козголгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштери Бишкек шаардык ИИББнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, ыкчам –тергөө тобунун ыкчам иликтөө, издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 14-январда Бишкек шаардык ИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Д.Б., 1993-жылы туулган А.Б., 1992-жылы Э.Ж. жана 1994-жылы туулган А.О аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалды.

14-январда эртең мененки саат 07:00до кармалгандар Бишкек ИИББ убактылуу кармоочу жайына киризилди.

Учурда кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө амалдары уланып жатат. Тергөө амалдарын жүрүшүндө бардык жагдайлардын аныкталышы менен шектүүлөрдүн кыймыл аракетине кошумча юридикалык баа берилет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.