Президент Сооронбай Жээнбеков чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

Окуялар тизмеги 13 Янв 2020 18:23
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү, — деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысына чек арада чыр-чатактардын алдын алуу, анын ичинде Баткен областынын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди.

Президент коңшу өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү күчөтүү, чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын коопсуз жашоо-тиричилигин камсыз кылуу зарылдыгын айтып өттү.

Кечээ жакында эле Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн чек арасындагы туруктуу абалды биргелешип сактоого умтулуу аракеттери белгиленгенин эскертти.

Мамлекет башчысы эки жакта тең чагымчыл аракеттерди болтурбоо үчүн чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер тажик тарап менен тыгыз байланышта жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тажик тарап менен чек арадагы абал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өзү баштаган Кыргызстандын делегациясы даяр экендигин билдирди. Жолугушуу эртең, 14-январда, чек ара аймагында өтө турганын маалымдады.

Кеңешмеге КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев катышышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.