Кыргызстан ири геосаясий оюнда

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 10 Янв 2020 09:49
0 ой-пикир

7-январдан 8-январга караган түнү, Касем Сулеймани жерге берилгенден кийин Иран Ирактагы Америка базаларына ракеталык сокку урду.

Ирандын чабуулуна Дональд Трамп Twitter аркылуу «Баары жакшы!» — деп жооп берди. “Азыр жоготууларга жана келтирилген зыянга баа берилүүдө. Азырынча баары жакшы! Азырынча дүйнө жүзүнүн ар бир бурчунда биздин эң күчтүү, баардык жагынан камсыз болгон куралдуу күчтөрүбүз бар!” деп жазды.

Дүйнөнүн ар кайсы борборлорундагы жана АКШдагы аналитиктер Трамптын мындай реакциясын оптимисттүүлүк, аны менен катар эле согушка даяр катары сыпатташууда. Мындан ары Американын Ак үйүнүн ээси кандай чараларды көрөрү белгисиз бойдон калууда. Трампка каршы болгон CNN телеканалы Ирандын ракеталык соккучу – Американын президентине болгон түз чакырык экенин билдирди. Себеби Ирактагы базалар соккуга учураганга чейин бир нече саат мурун Трамп Тегеранды коркутуп: “Эгерде Иран жасабай турган нерсесин жасай турган болсо, анда жыйынтыгына өтө катуу жапа чегип калат” деген болчу.

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы жетекчиси жана Пентагондун экс-жетекчиси Леон Панетта The Washington Post басылмасына мындай деп жазды: “Трамп президенттик доорундагы эң чоң сыноого туш болду. Акыркы үч жыл аралыгында ал АКШнын дүйнө лидери ролуна күмөн жаратып келген, альянстарды сындап жана тажрыйбалуу аскерлерди, дипломатиялык кеңешчилерди укпай келген… Анын президенттигинин жана улуттун тагдыры Трамп согуш чыгуу коркунучуна жана башкы колбашчы катары милдеттерине олуттуу карай алабы же жокпу ушундан көз каранды. Бир гана аскердик күч жетишсиз”. Тегеран Ирактагы америкалык аскердик базаларга сокку уруу буйругун берерден бир нече саат мурун эле  пентагондун башчысы Пентагона Марк Эспер CNN каналына берген маегинде: “Биз Иран менен согуш баштоого умтулбай элебиз, бирок биз согуштун аягына чыгууга даярбыз” деген.

Өз кезегинде Ирандын Тышкы иштер министри
Мохаммад Джавар Зариф Twitter’деги баракчасына мындай деп жазган: “Биз абалды ырбатууга же согушка умтулбай элебиз, бирок кандай агрессия болсо дагы коргонобуз”. Ал: “Иран БУУнун Уставныны 51-беренесине ылайык, өзүн-өзү коргоо максатында биздин жарандарга жана жогорку даражалуу аткаминерлерге кол салуу болгон базага сокку урду” деген.

Иран менен АКШнын ортосундагы чыр жана Кыргызстан

Эгерде Касем сулеймани өлтүрулгөндөн кийинки Жакынкы Чыгыштагы абалга Кыргызстандан абай сала турган болсок, биз кайдабыз дагы алар кайда деген ой келет.

Соода-экономикалык, транспорт жана бажы тармагында кызматташуу тууралуу кол коюлган эки тараптуу макулдашуударга карабастан кыргыз-иран мамилелеринде өзгөчөлүк деле жок. Эки өлкө ортосундагы товар айлануу боюнча сандар өсүүдө, бирок башка өлколөргө салыштырсак көлөму аз. Иран эт жана буудай импорттойт жана Кыргызстанга кийим, жаңгак жана лак-боечу материалдарды экспорттойт. Бизде Ирандын капиталы бар 180 гана ишкана иштейт.

Бирок эгерде иран-америка чырына евразиянын алкагында карасак, анда Ири Евразия долбооруна чоң зыян келтирилет. Ирандын Россия жана Кытай менен болгон ири долбоорлору бар, аларды ишке ашыруу дүйнөлүк соода жана энергетикалык балансты жана евразиялык коопсуздук системасын өзгөртүшү мүмкүн.

Иран “Түндүк-Түштүк” коридорунун борбору болуп саналат. Келечекте ал Россиянын аймагы аркылуу Балтиканы жана Идн океанын бириктирет. Макулдашууга Россия менен Иран гана эмес, Индия, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Оман жана Сирия дагы кирет.

Мындан сырткары, Иран Кытайдын “Бир кур –бир жол” долбоорунун активдүү катышуучусу катары ЕАЭБ менен эркин соода жүргүзүү макулдашуусуна кошулуп, ШКУга кирүүгө талапкер болгон. Жакынкы чыгышта Ирандын катышы менен кезектеги согуш башталса, Россиянын, Кытайдын жана башка аймактагы өлкөлөрдүн катышуусу менен ишке аша турчу пайдалуу көптөгөн экономикалык долбоорлор далайга чейин ишке ашпай калары белгилүү.

Геосаясат

Бир катар аналитикалык басылмалардын пикиринде, АКШнын Иранга жасаган чабуулу алыскы максатты көздөйт, Ирактан баштап Кавказга чыгуу үчүн Афганистанга чейин, Борбордук Азия өлкөлөрүндө жана Кытайдын чек арасына чейин камтыган “согуш жаасын” түзүү.

Бул коркунуч 2019-жылдын июль айында Иран менен коопсуздук тармагында кызматташууну кеңейтүү тууралуу меморандумуна кол койгон Россия үчүн жаңылык деле болгон жок. Ал эми кытай болсо, Ирандагы кытай долбоорлорун кытайдын коопсуздук кызматынын 5 миңге жакын кызматкери коргоору тууралуу макулдашкан. Россия менен Ирандын ортосунда аскердик-техникалык кызматташуу дагы бекемделүүдө.

Жалпылап айтканда, евразиянын алкагында Кыргызстан жана Борбор Азиядагы башка өлкөлөр Иран менен АКШнын ортосундагы каршылашууга кийлигишип калары түшүнүктүү, жок дегенде  географиялык жактан жана евразиялык долбоорлордун катышуучусу катары.

Elgezit.kg редакциясы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.