Иран АКШнын аскердик базаларына сокку урду

Аалам, Окуялар тизмеги 08 Янв 2020 10:16
1 ой-пикир

Америкалы аскерлер жайгашкан Ирактагы Айн ал-Асад жана Эрбиле аскердик базаларына Иран тарабынан ракеталык сокку болду.

Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусу соккуну өзү жасаганын жарыялады. Бул чабуул генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу болуп саналары белгиленген.

Ал эми Трамптын басма сөз катчысы Стефани Гришэм АКШ бийлиги чабуулдан кабардар экенин, президент тийиштүү адистер менен кеңешип жатканын «Твиттерге» жазды.

эске сала кетсек, Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулаймани 3-январда Багдадда америкалык авиациянын соккусунан мерт болгон соң Тегеран менен Вашингтондун тиреши ого бетер курчуп кеткен.

Иран Сулейманинин өлүмү үчүн өч аларын эскерткен.

Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине “ири жана күчтүү” сокку жасарын билдирген.

Иран АКШнын аскердик базаларына сокку урду” жөнүндө ой-пикирлер

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.