Акыркы күндөрү Твиттерде дүйнө боюнча эң көп колдонулуп жаткан хэштег -бул #WWIII – “Үчүнчү дүйнөлүк согуш”. Араб дүйнөсүнүн эксперттеринин пикиринде, 3-январда Багдад эл аралык аэропортуна жасалган аба соккусунан улам Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири Касем Сулеймани өлтүрүлгөнү Иран үчүн casus belli же согушка түрткү болгон себеп болушу ыктымал.
Касем Сулеймани деген ким?
Касем Сулеймани – уникалдуу фигура. Америкалыктар Сулейманини таш боор киши өлтүргүч, Усама Бен Ладендей эле террорист катары санап келишет. Өз мекенинде, Иранда 62 жаштагы Сулеймани өлкөнүн элитасынын жана аскерлердин арасында абдан таанымал болчу. Анын дипломатиялык таасири Ирандын Тышкы иштер министри Мохаммед Зарифтикинен дагы чоң деп саналчу. Сулейманини Ирандын “жашыруун командачысы” деп аташып, жакында жогорку саясий кызматтардын бирин алышы мүмкүн деп божомолдоп келишкен.
Федералдык тергөө бюросунда (ФБР) Сулеймани “каршылык көрсөтүү огун” же Оман булуңунан башталып, Ирак, Сирия, Ливандан тарта Жер ортолук деңизинин батыш жээктерине чейинки Ирандын таасирин түзүүгө жооптуу деген пикир болгон.
Сулеймани чет жактарда жашыруун жүргүзүлгөн аскердик жана атайын операцияларга жооптуу болуп, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетектеп турган. 1990-жылдан тарта Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн шиит топторунун куратору болгон. Пентагон 2003-2011-жылдар аралыгында 608 америкалык аскерлерди өлтүргөнгө жана өзгөчө бомбаларды колдонуп чабуул жасоого Сулейманинин бөлүктөрү жоопкерчиликтүү деп эсептейт.
ИГИЛ менен болгон согуш учурунда Сулеймани ирандык шииттерге боевиктер менен салгылашууга жардам берген. Ал эми Сирияда согуш башталганы Сулейманинин командасы астындагы топтор Башар Асадга бийликте калууга жардам беришкен.
2015-жылдын жайында Сулейманинин Москвага келиши Россиянын Сирияга кол салуусун пландоонун биринчи кадамдары болгон. Reuters басылмасынын булагынын маалыматына ылайык, Сулеймани Сирияга РФ аскердик жактан кийлигишсе, Асадды сактап калууга мүмкүн деп Россия жетекчилигин көндүргөн.
Сулейманинин айынан игилчилер Мосул шаарындагы салгылаштан утулуп калган деп санашат. Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи Сулейманини “төңкөрүштүн тирүүлөй азап жеген адам” деп атап, 2019-жылы генералды жогорку аскердик сыйлык – Зульфикар ордени менен сыйлаган.
“Ал өмүр бою салгылашып келди, солдаттар аны жакшы көрүшчү. Ал сабырдуу жигит, стратегиялык гений, мыкты тактик”, — деп мүнөздөгөн Касем Сулейманини америкалык генерал-лейтенант Марк Хертлинг CNNге берген маегинде.
Трамп эмнеге Сулейманинин азыр жок кылуу буйругун берди?
Дональд Трамп 2019-жылы иш жүзүндө дүйнөгө чечкинсиз экенин көрсөттү. Июнь айында Иран тарабынан АКШнын чалгынчы дронун атып түшүрүлгөн болчу, бул окуя жоопсуз калган. Сентябрь айында мунайды иштетүүчү заводго жана Сауд Аравиясындагы портко ракеталык чабуул болгонуна дагы эч кандай реакция кылган жок. Октябрда Түркия америкалыктарга жан тарткан күрттөргө каршы операциясын баштаган маалда Сириядан америкалык аскерлерин чыгарып кетти. Ошол маалда Трампты Американын өзүндө да сындаган эле.
Бирок эң башкысы жакынкы Чыгыштагы, анын ичинде Ирандагы саясатчылар Трамптын Америкасы катаал аракеттерге бара албайт экен деген пикирди карманып калышкан. Ошондуктан Иран америкалыктарды сынаганын уланта берди. 27-декабрда Киркук шаарынын четиндеги Ирак базасына отуздан ашуун ракета менен чабуул жасалган. Бир нече америкалыктар жана ирактыктар жаракат алышып, америкалык бизнесмен көз жумган. Америкалыктар чабуулга «Катаиб Хезболла” аттуу ирактык шиит күчтөрүн күнөөлөгөн.
29-декабрда АКШнын Ирактын жана Сириянын аймагында жооп катары жасаган чабуулунун кесепетинен 24 адам мерт кеткен.
31-декабрда “Катаиб Хезболланын” тарапташтары АКШнын Багдаддагы элчилигинин ишин бир суткага токтоттуруп коюшкан. Нааразычылык акциясына чыккандар элчиликтин дубалына антиамерикалык чакырыктарды жазышып, имаратка шииттердин желектерин илип коюшкан. АКШнын элчилиги шаардын эң күчтүү кайтарылган аймагында жайгашканына карабастан ушундай кадамдар болду. Башкача айтканда, америкалыктарга дипломатиялык аймакты кайтарган коопсуздук күчтөрү дагы каршы болушту. АКШнын президенти Дональд Трамп Ирактагы Америка элчилигинин алдындагы нааразылык боюнча Иранды айыптады. АКШнын бийлиги Иран 1979-жылы Тегерандагы АКШнын элчилигин басып алышкандай эле азыр дагы элчиликти басып алганы жатканын, ал эми Сулеймани дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратын жана кызматкерлерин басып алууну жетектөө үчүн атайын Багдадга келгенин билдирген.
Эми эмне болот?
АКШнын мурдагы вице-президенти Джо Байден билдиргендей, эч ким Сулейманиге аза күтпөйт, анын пикиринде, генералды өлтүрүү менен Трамп “ок дары салынган бочкага динамит ыргытып койду”.
Дүйнө учурда кооптончу жагдайлар бар. Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи болсо Сулейманиге 3 күн аза күткөндөн кийин анын өлкөсү АКШга жана генералдын өлүмүнө күнөөлүүлөрдүн баарына “катуу сокку урарын” билдирди.
Америкалык ММКлар, тактап айтканда NYT Трамптын администрациясы Иран эсине келип, Америка менен тамашалашуу жакшы натыйжага алып келбесин түшүнөт деген пикирди карманышууда. Трамптын кеңешчилери болсо Америка лидери Тегеранга согушту каалабай турганын билдирген белгилерди бир нече ирет жөнөткөнүн белгилешүүдө.
Ал эми Тегеран болсо оор абалда, кандайдыр бир аракеттерди кылуу дагы, эч нерсе кылбай отуруу дагы жакшылык менен бүтпөй турганын түшүнүүдө.
Дүйнө абал кандай өңүттө өнүгөт деп күтүп жатат, оптимисттик талкууларга караганда пессимисттик талкуулар көп болууда.
Израиль болсо Иран ядердик курал алат деген коркунучта. Бул кооптонуулар негизсиз, анын үстүнө Иран “ядердик келишимден” толугу менен баш тартканын жар салган. Араб дүйнөсү, анын ичинде саудиттер Иран башында турган шииттердин дүйнөсүнүн курулуусун каалаган жок.
Европа болсо Жакынкы Чыгышта кезектеги “чоң согуш” башталса качкындардын саны көбөйөт деп кооптонуп турат.
Араб дүйнөсүнүн эксперттердин көбү Иран тарабынан эч кандай өзгөчө кырдаалдар болбойт деген пикирде. Ал азыр коргонуу абалында жана стратегиялык мүмкүнчүлүктөрү чектелген деп санашууда. Демек, дүйнө кооптонбой, терең дем алып, Ирандын бийлиги болсо сөз менен гана коркутуу менен чектелиши толук мүмкүн.
Elgezit.kg редакциясы.