Кой-Таш айылындагы окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча айыпталып жаткандардын мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Камакка алынган мүлктүн тизмеси жарыяланган жок. Бирок Кундуз Жолдубаева 30-декабрдагы соттун чечими боюнча анын батири, ЖК депутаты Ирина Карамушкинанын үйү камакка алынганын билдиришти.
Ошондой эле мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков менен Мээрбек Мискенбаевдин туугандарынын мүлкү дагы камакка алынган.
Жолдубаеванын айтымында, ЖК депутаты Асел Кодуранованын мүлкү камакка алынган-алынбаганы азырынча белгисиз.
Эскерте кетсек, Жолдубаева, Карамушкина жана Кодуранова үй камагында, ал эми Мискенбаев менен Жээнбеков тергөө абагында жатат. Алар адамдарды барымтага алууга, массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталууда.