Мурат УКУШОВ, КРнын эмгек сиңирген юристи — атайын Elgezit.kg үчүн.
Кыргызстанда парламентаризм кыйынчылык менен курулуп жатат. Конституция менен бекитилген башкаруу формасы өлкөдөгү саясий системанын бир бөлүгү болуп калат деген ишеним азыркыга чейин жок. 2007-жылдын август айында мурдагы мамлекеттик катчы, легендарлуу кыргыз дипломаты Ишенбай Абдуразаков: “Кыргызстанда партиялык негизде парламент түзүүгө эрте, себеби буга коомчулук жетиле элек” дегени эске түшөт. 2007-жылдагы (декабрь), 2010-жылдагы (октябрь) 2015-жылдагы (октябрь) шайлоолор анын айтканын тууралыгын тастыктады. 2020-жылдын октябрь айында боло турчу шайлоодон деле ошону эле күтсөк болот.
Кыргыз парламентинин депутаттык корпусунун сапаты ар бир чакырылыш сайын төмөндөөдө. Тажрыйбасы жана интеллектинин деңгээли боюнча эң күчтүү депутаттар “легендарлуу” Жогорку Советтин 12-чакырылышында болгон. Ал чакырылышта ошол маалдагы партия (КПСС), чарба, илим жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнөн накта элита чогулган
Жогорку Кеңештин акыркы чакырылыштарында, өзгөчө 2010-жылдан тарта депутаттарды шайлоодо интеллектуалдык деңгээлге, тажрыйбага карабай калышты, капчыгы калыңдар парламентке келишүүдө. Ошондуктан парламенттеги депутаттык корпустун даңгээли күн өткөн сайын төмөндөп, учурда коомчулуктун пикиринде, биз “базарчы” деңгээлиндеги парламентке ээбиз. ММКларда жана коомчулукта Жогорку Кеңеш “тажрыйбасыз, уятсыз, ызы-чууга жакын, коррупцияга баткан” деп сыпатталып келет.
Парламентке жарандардын ишенбегендиги учурда Жогорку Кеңештин депутаттары эч кимге отчет бербегендигине, эч ким тарабынан көзөмөлгө алынбаганына да байланыштуу болууда. Мажоритардык шайлоо системасында депутаттар бир мандаттуу аймактык округдардан шайланып келишкенде алар шайлоо округундагы калкка отчет беришчү жана шайлоочулар депутаттарды чакыртып алууга укуктуу болчу.
Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишинин сапаты жана эффективдүүлүгү эбак эле заманбап өкүлчүлүк органдын деңгээлине шайкеш келбей калган. Кыргыз парламентин реформалоо убактысы келди – бул объективдүү зарылчылык.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында “Өнугүү-Прогресс” фракциясынын лидери Б.Төрөбаев Жогорку Кеңешти реформалоо боюнча демилге көтөрүп, парламенттин ишин өзгөртүп жана ага кеткен чыгымдарды кыскартуу боюнча сунуш берди. Тилекке каршы, бул демилге колдоо тапкан жок. Муну менен катар эле апрель айында Б.Төрөбаев келерки парламенттик шайлоодо шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга төмөндөтүү керектигин да айткан. Башында бул демилге да колдоо тапкан эмес, бирок жарым жыл өткөн соң коомчулук дагы, депутаттар дагы “эстерине келип”, шайлоо босогосун төмөндөтүүнү колдоо боюнча активдүү иштер башталды.
Жогорку Кеңеш — Конституцияда жазылган башкаруу системасын дискредитациялоочу булагы
Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 4-октябрында кезектеги парламенттик шайлоо болот. Кыргызстанда акыркы жыйырма жылда шайлоо болгон сайын шайлоочулардын ишеними жоголуп жатканына күбө болуп келебиз. Шайлоо институтуна эмес, өздөрүн “партия” деп атагандарга бириккен ар түрдүү саясий күчтөргө болгон нааразычылык күч алууда. Дегеним, эгерде коомдук бирикме өзүн партия деп атап алса эле ал чынында эле партия дегенди билдирбейт.
Апрель окуяларынан кийинки бийлик 10 жыл аралыгында азыркы Конституциянын духуна шайкеш келген саясий системаны түзө алды. Учурда Юстиция министрлигинде катталган партиялардын көбү кагазда гана жашашат, ал эми иш жүзүндө болгону 6-7 гана партия активдүүлүгүн көрсөтүп келет. Коомчулук болсо көпчүлүк учурда партия дегенди Жогорку Кеңештин депутаттык фракциялары деп түшүнөт.
Бирок эң башкысы иштеп жаткан партиялар коомчулуктун чыныгы түзүмүн чагылдырбайт, аймактык болуп бөлүнүп келишет, белгилүү идеологиялык багыты жок, жарандардын ишенимине ээ эмес. Партиялардын активдүү мүчөлөрү акыркы жылдары бир нече жолу партияларын алмаштырууга да жетишишти. Коомчулукта партиялар – кызматынан кеткен жетекчилердин уюму деген да пикир пайда болгон.
Шайлоочулар партиялардын программалары тууралуу эч нерсе билишпейт жана 2015-жылдагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо партиялар жана алардын программаларына эмес, алардын лидерлерине жана “капчыктарына” карап добуш беришкен.Бул партиялык тизме менен мандат алган депутаттарга да тиешелүү. Кимдир бирөө алардын уставын, программаларын билеби?
2020-жылдын октябрь айындагы шайлоодо абал өзгөрөт деген кепилдик жок. Анын кесепетинен жөнөкөй жарандар партиялар, анын ичинде алардын кызыкчылыгын коргой турган Жогорку Кеңеш аркылуу аркылуу бийликке таасир берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан.
Саясий системаны жана 9 пайыздык шайлоо босогосун эске алганда, Жогорку Кеңештин жаңы 7-чакырылышынын депутаттык корпусунун деңгээли азыркыдан дагы төмөн болот деп айтсак жаңылышпайбыз. Себеби бул шайлоо партиялык программалардын жана иедологиялардын, талапкерлердин эмес, биринчи кезекте “капчыктардын” ат салуушусу болот.
Аны менен катар эле Жогорку Кеңештин эффективдүү эмес иши азыркы саясий системанын кыйрашына алып келиши мүмкүн, себеби Конституцияда бекитилген башкаруу системасы дискредитация болуп жатат.
Учурда Кыргызстанда бийликтин түзүмү туруктуу эмес: Президент – ыйгарым укуктары кыскарганы үчүн, Жогорку Кеңеш – “формалдуу” партиялуулуктан, алысты көрө албагандыгынан жана ишинин эффективдүү болбогонунан улам, саясий партиялар – партиялык система өнүкпөй, саясий салттар жок болуп, өлкөнү өнүктүрү боюнча социалдык-экономикалык программанын жоктугунан.
Муну менен катар эле бийлик ар түрдүү кызмат адамдарынан турганы менен ал бир бүтүн экенин түшүнүү керек. Ошондуктан Жогорку Кеңешке ишенбөөчүлүк көрсөтүү, жалпы мамлекеттик бийликке ишенбегендик дегенди билдирет, себеби эл бийликти мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги жана бийликтин сот бутагы деп айырмалай бербейт.
Жогорку Кенешти реформалоонун актуалдуулугу
Кетип жаткан Жогорку Кеңештин курамына, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагын мындан ары өркүндөтүүгө, өлкөдө парламентаризмдин чыңдалышына жана өнүгүүсүнө, Президент жана Өкмөт менен парламенттин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө чакырган, Жогорку Кеңешти институциалдык өзгөртүү зарылдыгы турат. Жогорку Кеңешти реформалоонун башкы максаты – парламенттин натыйжалуу иштешин жогорулатуу, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин ортосунда тең салмактуулукту түзүү болуп саналат.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын, коомдук-саясий ишмерлердин, саясат таануучулардын, юридикалык коомдордун арасында Жогорку Кеңештин бүгүнкү конституциялык статусу боюнча бир тараптуу түшүнүшүү жок – негизинен парламенттик башкаруу формасында мамлекеттик башка институттарга караганда Жогорку Кеңеш башкы орунда турат деген ой–пикир жашап келет. Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарынын күн тартибин жана календарлык пландарын, кабыл алган чечимдерин анализдөө, Жогорку Кеңеш өзүнүн ишмердүүлүгүндө, салтка айланып калгандай, өзүнүн ченемдүү укуктарынан чыгып, мыйзам чыгаруу органы үчүн мүнөздүү болбогон, оперативдүү-чарбалык маселелер менен алектенип жана бир гана Өкмөттүн компетенциясына эмес, укук коргоо жана сот органдарынын компетенциясына кийлигишип кетеээрин көрсөттү. Ошол эле учурда парламентаризм Жогорку Кеңеш бардык бийликти өз колуна алат дегенди билдирбейт.
1995-жылы жүзөгө ашырылган “кесипкөй парламент” жөнүндө идея, жаңылыштык болгонун моюнга алууга убакыт келди. Анда Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик мекеменин иш эрежесине ылайык күн сайын мыйзам чыгаруу иши менен алек болсо, парламенттин ишинин натыйжалуулугу артат, кабыл алынган мыйзамдар сапаттуу болот деген ойдо болушкан. Иш жүзүндө, мындай режим Жогорку Кеңештин ар бир чакырылышын эртедир-кечтир Президент, Өкмөт менен атаандашкан “параллелдик өкмөткө” айлантты.
Өлкөнүн мамлекеттик бийлик органдарындарынын укуктарындагы тең салмактуулуктун жана кармануунун жоктугунан улам бийликтин бир институнун – Жогорку Кеңештин монополиясы орношуу мүмкүн б.а. иш жүзүндө парламенттик формадагы башкаруунун алдында өлкөдө олигархиялык башкаруу системасы орношунун коркунучу жаралууда.
Коом үчүн олигархиялык башкаруунун зыяндуулугу тууралуу абройлуу ой-пикирди келтирейин. АКШнын негиздөөчүлөрдүн бири Томас Джефферсон 1788-жылы АКШ Конституциясын ратификациялоо учурунда бийлик бутактарынын ортосундагы укуктарды бөлүштүрүү маселеси боюнча төмөнкүнү далилдеген: “Өкмөттүн, мейли мыйзам чыгаруу, аткаруу же сот органдарынын бардыгын укугу – бул, акырында мыйзам чыгаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнүн натыйжасы болуп эсептелет. Аны бир мекеменин колуна берип коюу сөздүн түз маанисинде деспоттук өкмөттү түзүүгө алып келет. Мында бийликтин бир адам эмес, бир топ адамдар тарабынан жүргүзүлүшү бизге жеңилдик деле бербейт, Жүз жетимиш деспоттун эзүүсү бир адамдыкына караганда алда канча оор .
Кимдир бирөө мындан шектенип турса, Венеция Республикасын карап көрүшсүн. Биздин аларды шайлаганыбыз да жардам бере албайт. Биз шайлоо деспотизми үчүн эмес, бир гана эркин принциптерге негизденбестен, өкмөттүк бийликти бир нече мамлекеттик мекемелердин ортосунда бөлүшкөн, тең салмактаган өкмөт үчүн согушканбыз. Ошону менен алардын бири дагы башка бийлик бутактары тизгиндеп тургандыктан, мыйзамда чектелген чектен чыгып кете алышпайт.” Аныгында Т.Джефферсондун бул аныктамасы бүгүнкү кыргыз бийлиги үчүн өтө актуалдуу болуп саналат.
Жогорку Кеңешке элдин ишенимин арттыруу жолундагы маанилүү кадам депутаттар корпусун кармоо жана тейлөөгө кетүүчү чыгымдарды азайтуу болуп саналат. Мамлекет үчүн финансы-экономикалык кыйын кырдаалда бул абдан мааниге ээ. Андыктан “мамлекет каражатына жараша жашашы керек” деген принципке өтүү мезгили келди жана бул принцип бүгүнкү күндө мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндө жана ишти уюштурууда, жалпы эле мамлекеттик аппараттар, анын ичинде Жогорку Кеңеш үчүн да бузулбай турган эреже болуп калышы керек.
Бүгүнкү күнгө чейин бюджет каражатын сарамжалдуулук менен пайдалануунун өзүнчө бир “эталону” легендарлуу парламент болгондугун (1990-1994-жылдардагы 12 чакырылыштагы Жогорку Кеңеш) белгилей кетишибиз зарыл. Карап көрсөк, 1993-жылы 350 депутат болсо, аларды 49 штат бирдиги тейлеген жана бир жылга 702 миң сом чыгымдалган. Легендарлуу парламенттин акыркы жылында 350 депутатты тейлөө үчүн (1994) аппаратта 53 киши болсо, Жогорку Кеңештин бардык чыгымы 4,5 млн.сомду түзгөн.
1995-жылдын март айында биринчи чакырылыштагы эки палаталуу Жогорку Кеңеш өз ишмердүүлүгүн баштаган. 105 депутаттан турган эки палаталуу Жогорку Кеңеште, гаражды кошкондо 348 штат бирдиги болгон. (Мыйзам чыгаруу Жыйынынын аппараты-144, Эл өкүлдөр жыйынынын аппараты 87, гараж 144). 1995-жылы эки палаталуу Жогорку Кеңешти күтүү чыгымы 40 764,4 миң сомду түзгөн. Башкача айтканда, жаңы эле түзүлгөн эки палаталуу Жогорку Кеңештин чыгымы дароо 10 эсеге өскөн. Бул депутардын өздөрүнө кеткен чыгымды эсепке албаганда (айлык акы, стипендия, командировка чыгымдары). . Экинчи чакырылыштагы (2000-2005) эки палаталуу Жогорку Кеңешти алсак, Жогорку Кеңештин палаталарынын аппаратынын штаттык бирдиги, материалдык-техникалык департаментти жана гаражды кошуп алганда 783 бирдикти түзгөн, Жогорку Кеңешти кармоо үчүн бюджеттен (депутаттарды кармоого кеткен чыгымды албаганда) 131 652,2 миң сом каралган.
2005-жылдын мартында бир палаталуу, 75 депутаттан турган 3-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш ишке кирет. Буга карабастан 3-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин чыгымы көп эсеге өсүп кеткен. Мисалы, 2007-жылы бардык чыгым 170 614 511,42 сомду түзөн, анын ичинен депутаттарга 45 804 890,67 сом чыгымдалган. Ошол эле учурда дал ушул чакырылыштын депутаттары өздөрүнө бирдн жардамчыларды жана консультанттарды алууну киргизишкен (бардыгы 150 штат).
2007-жылы, бул жылы кабыл алынган КР жаңы Конституциясына ылайык, партиялык тизме менен шайланышкан 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш ишке киришет. Жаңы чакырылыштагы депутаттар 90 депутаттан турган. Ага ылайык алардын жардамчыларынын, консультанттарынын саны өсүп-180ге жетип, кызматтык машиналардын саны, башка чыгымдар өскөн. Мисалы, 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңешти кармоо үчүн 2008-жылы республикалык бюджеттен 183 424 855,49 сом чыгымдалган. Анын ичинен Жогорку Кеңештин депутаттарын кармоого 59 895 458,03 сом жумшалган.
Калыстык үчүн белгилей кетсек, 2009-жылдын ноябрь айында Жогорку Кеңеш, ошол мезгилде башталган республикалык бюджетти оптимизациялоо боюнча компаниянын алкагында Жогорку Кеңештин штаттык бирдиги 197ге жана комитеттердин саны 12ден 9га чейин кыскартылган. Бирок бул деле Жогорку Кеңешке кеткен чыгымды азайтып же Жогорку Кеңештин ишмердүүлүк натыйжасын арттырып жиберген эмес.
5-чакырылштагы Жогорку Кеңеште 120 депутатты 834 адам тейлеген. Бул тууралуу депутат Ө.Абдырахманов 2012-жылдын 28-майында Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирген. Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген 281 кызматкерге 178 млн. сом жумшалган, Жогорку Кеңештин иш Башкармалыгында 183 адам иштеп, ага 82 млн.сом жумшалган, гаражда 190 адам иштеп, аларга 63,5 млн.сом чыгымдалган. Ошондой эле спикердин жана вице-спикерлердин 7 кеңешчисине 3 млн 295 млн. сом, пресс-катчыларга – 500 миң сом.жумшалган. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн 243 жардамчы жана консультанттар каралып, аларга 136 млн. сом чыгымдалган.
Азыркы учурда абал кандай? 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын кармоо үчүн жыл сайын мурунку чакырылыштарга салыштырмалуу бюджеттен эбегейсиз чоң каражат бөлүнүп келет. Жогорку Кеңештин Төрагасы Д.Жумабековдун маалыматы боюнча, Жогорку Кеңеш жыл сайын 786 млн. сом сурап келет, бирок 760 млн.сомдун тегерегинде чыгымдалат. “Бул чыгымдар бир гана 120 депутатка жумшалбайт. Эл депутаттарынан тышкары биздин аппаратта миңдеген кызматкерлер иштейт. Бул алардын айлыгы, социалдык төлөмдөрү, салыктар жана башка чыгымдар. Болжол менен 30-40 млн. сомду жыл сайын бюджетке салык түрүндө кайтарып келебиз”, -деп түшүндүрдү спикер.
Материалдык-техникалык, унаа жана финасылык камсыз кылууга байланышкан Жогорку кеңештеги кырдаал, бул совет мезгилинен калган атавизмдин анык өзү болуп саналат: белгилүү болгондой “азга сүйүнгөн” жалпы теңдемечиликтин учурунда советтик-партиялык номенкулатура үчүн жеңилдиктер болгону – даана советтердин ойлоп тапканы болчу, мисалы, кызматтык машине менен камсыз кылуу, ар кандай акчалай сыйлыктар, саноторияларга-курортторго жиберүү ж.б.
Жогорку Кеңешти кантип реформалоо керек?
Парламент олигархтардын клубу болбошу керек. Жогорку Кеңеште тажрыйбалуу саясатчылар, жогорку билимдүү адистер – юристтер, экономисттер, финансисттер ж.б. парламенттин ишине даяр адамдар отурушу керек. Ошондо гана Жогорку Кеңеш күчтүү болуп, ишеним артылып, натыйжада Конституция менен бекитилген башкаруу формасы дагы сакталып баштайт. Учурда Жогорку Кеңешти күчтөндүрүү керек дегенде, элдер “олигархтарды жана базарчыларды” күчтөндүрүүнүн канчалык кажети бар деген суроо салышат.
Жогорку Кеңешти реформалоо боюнча төмөнкүдөй механизм сунушталат. Чечимдер 2020-жылдын 30-июнуна чейин кабыл алынышы керек (сентябрда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталып, депутаттар шайлоо деп чуркап, парламентте отурбай калышат). Ал эми Жогорку Кеңешке жаңы келе турган 7-чакырылыш өзүн-өзү реформалоону каалабасы турган иш.
Биринчи. Жогорку Кеңештин иш тартибин өзгөртүү керек. 1990-1994-жылдардагы легендарлуу парламенттин убагындагыдай Жогорку Кеңеш сессиялык иш тартибине кайтуусу керек. Конституцияга тийбестен Жогорку Кеңештин иш тартибин кантип өзгөртсө болот?
Ал үчүн “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл. Конституциянын 77-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин сессиялары жыйын түрүндө өтүп, сентябрдын биринчи иш күнүндө башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы иш күнүнө чейин уланат. Бул конституциялык норманын алкагында жогорку Мыйзам аркылуу жалпы жыйындардын санын аныкташ керек.
Мисалы, Жогорку Кенеш мыйзам чыгаруу ишине эч кандай терс таасирин тийгизбестен жалпы жыйындарын төмонку режимде өткөрсө болот: 1) сентябрда бир жумуш аптасы; 2) октябрда бир жумуш аптасы; 3) ноябрда бир жумуш аптасы; 4) декабрда бир жумуш аптасы; 5) февралда бир жумуш аптасы; 6) мартта бир жумуш аптасы; 7) апрелде бир жумуш аптасы; 8) июнда бир жумуш аптасы. Натыйжада Жогорку Кеңеш сентябрь айынан июнь айына чейин 5 жумуш күнүнөн турган 8 жалпы жыйынын өткөрмөк. Зарыл болгон учурда бир жумуш аптасынан көп эмес, бир сессиянын алкагында эки жолудан көп эмес кезексиз жыйынга чогулушса болмок.
Көрсөтүлгөн сессиялар учурунда Жогорку Кеңештин аппараты иштеп, жалпы жыйындарга мыйзам долбоорлорун даярдамак. Жогорку Кеңештин Төрагасы жана анын орун басарлары, депутаттык фракциялардын лидерлери, комитеттердин төрагалары жана алардын орун басарлары жалпы жыйындарга даярдалган маселелерди көзөмөлдөп, дайыма иштешмек.
Экинчи. Жогорку Кеңеш 2020-жылдын 30-июнуна чейин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин штаттык бирдиги жана материалдык-техникалык базасы, автоунаа менен жана финансылык камсыздоо тууралуу” Мыйзамды кабыл алышы керек. Анда Жогорку Кеңешти камсыздоого кеткен чыгымдар легендарлуу Жогорку Кеңештин маалындагыдай кыскартылышы керек, атап айтканда:
1) Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын штаттык бирдиги кыскартылышы керек, анын ичине депутаттардын жардамчылары, консультанттары дагы кирет (депутаттарды консультанттык, укуктук, эксперттик кызматтар менен камсыз кылуу Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмдөрүнө жана саяисий партиялардын аппараттарына жүктөлөт);
2) Кызматтык унаа Төрагага жана анын орун басарларына, фракция лидерлерине, комитеттердин төрагаларына гана берилиши керек, ал эми жалпы жыйындар учурунда депутаттарга белгилүү бир сандагы унаа бөлүнүшү керек;
3) Жогорку Кеңеш тарабынан салынган же сатып алынган, башка шаарлардан келген депутаттарга берилчү кызматтык батирлерди менчиктештирүүгө тыюу салынышы керек.
4) Жогорку Кеңештин депутаттарына ай сайын берилчү маянанын ордуна бекитилген суммадагы стипендия берилиши керек. Мисалы, республикадагы орточо айлык акынын колөмүндө. Маянаны дайыма иштеген депутаттар алышы керек – Төрага, анын орун басарлары, фракция лидерлери, комитеттердин төрагалары жана орун басарлары.
Жогорку Кеңештин иш тартибинин өзгөрүүсүнөн күтүлгөн эффекттер
1. Жогорку Кеңештин иш тартибин өзгөртүү Өкмөттүн өз алдынча болуусуна шарт түзөт, ага социалдык-экономикалык реформалар менен алек болууга жол ачат. Жогорку Кеңеш парламентке тиешелүү маселелер – Өкмөт тарабынан демилгеленген мыйзамдарды кабыл алуу, бюджеттин жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө менен гана алек болот.
Азыркы убакта Өкмөттүн мүчөлөрү күн сайын парламентке келип, комитеттердин, фракциялардын жыйындарына катышып, жалпы жыйындарга катышып, өзүнүн иши тууралуу отчет берип, дайыма сындарды угуп келгени Өкмөттүн дагы, Жогорку Кеңештин дагы ишинин эффективдүүлүгүн төмөндөтүүдө.
2. Жогорку Кеңештин сессиялык иш тартибине өтүүсү республикалык бюджеттен Жогорку Кеңешти камсыздоого кеткен чыгымдарды азайтат. Себеби 20-25 депутат гана дайыма иштейт (Төрага, анын орун басарлары, фракция лидерлери, комитеттердин төрагалары жана орун басарлары), Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин саны кыскарат, депутаттарга бөлүнгөн унааларга кеткен чыгым кыскарат ж.б.
Жогорку Кеңешти реформалоо бул өлкөдөгү сапаттуу өзгөрүүлөрдүн негизи экенин биз бүгүн түшүнүүбүз керек. Эгерде Жогорку Кеңеш парламентти реформалоону 2020-жылдын 30-июнуна чейин жүргүзүп, 7-чакырылыш үчүн даярдап койсо, анда азыркы чакырылыштын дагы аброю жогорулап, легендарлуу парламент сыяктуу тарыхка калууга жол ачылмак.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.