Казахстанда жаңы шаар пайда болду

Окуялар тизмеги 03 Янв 2020 20:32
0 ой-пикир

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Затобольск айылын Тобыл шаары деп атоо боюнча жарлык чыгарды. Документ Акордонун сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, Затобольск айылы Костанай облусунун Костанай районунда жайгашкан. Ал 1863-жылы негизделген. Анда болжол менен 26 миңден ашык адам жашайт.

2018-жылы жергиликтүү бирикменин жыйыны өтүп, жашоочулар айылдын статусун жогорулатып, жаңы ат берүү боюнча маселе көтөрүшкөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.