Алматыдагы авиакырсык: эр жүрөк жигиттин эрдиги белгиленди

Окуялар тизмеги 03 Янв 2020 09:52
0 ой-пикир

Алматынын жанында болгон авиакырсыкта кош бойлуу келинди өзүнүн денеси менен жаап сактап калган 23 жаштагы Темирлан Кадауовго сыйлык тапшырылды. Бул жөнүндө Алматынын полициясы департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадауов учак жерге кулаганда жанында отурган кош бойлуу Гүлим Акишеваны өз денеси менен калкалап, учактан алып чыккан. Мындан сырткары, Темирлан жаракат алганына карабай башка жүргүнчүлөрдү кыйраган учактан чыгарууга жардам берген.

«Жигит бул сыйлыкка татыктуу. Биринчи кезекте ага өзүнүн эли ыраазы», — деп полициядан белгилешти.

Эр жүрөк жигитке «Өзгөчө кырдаалдын алдын алууда жана анын кесепетин жоюуда артыкчылык көрсөткөнү үчүн» медалын Алматы полициясынын башчысы, генерал-майор Серик Кудебаев тапшырды.

Эске сала кетсек, 27-декабрда таңга маал Алматы аэропортунан асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулаган учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Кырсыктан 12 адам каза таап, 40тан ашык киши жабыркаган.

Казак бийлиги кырсыкка навигациялык кызматтардын ишиндеги катачылык, техникалык мүчүлүштүк же экипаждын катасы себеп болушу мүмкүн экенин билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.