Эмиль Джураев – атайын Elgezit.kg үчүн.
Президент Соорнобай Жээнбековдун жыл жыйынтыгы боюнча берген экинчи маалымат жыйынынан кийин аны мааниси эмнеде эле деген суроо туулду. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдына чыгарда президенттин командасы алдына кандайдыр бир максат коёбу?
Келечекте алар алдын ала мындай учурларга даярданып алышы керек экени байкалып турду. Малымат жыйынынын канчалык деңгээлде ийгиликтүү болгону тууралуу пикирлер жаандан кийинки козу карындай эле социалдык тармактарды каптап кетти. Эми биз дагы кандайдыр бир баа берсек аша чапкан болобуз. Бирок кеп азыр бул тууралуу эмес.
Демократиялык бийликте мындай жылды жыйнтыктоочу маалымат жыйындарын берүү милдеттүү эмес. Мындай жаңы институттун пайда болгонуна көп болгон жок жана аны Россиянын президенти Владимир Путин популярдуу кылды десек жаңылышпайбыз. Аны бул жанрдын автору деп атасак болот. Анда өлкө лидери баардык тармактарды камтыган суроолорго сааттап жооп берип, билими, ачыктыктыгы, чечкиндүүлүгү, эмоциялары, тамашакөйлүгү ж.б. сапаттары менен элди өзүнө тартат. Бул маалымат жыйындары коомчулукка маалымат берүү гана эмес, лидердин позициясы тууралуу коомчулукта пикир жаратуу башкы максат. Путиндин моделиндегидей ийгиликтүү маалымат жыйындарын өткөрүү үчүн Путинге окшош болуу абзел: күчтүү, баарынан кабардар, чукугандай сөз тапкан жана авторитардуу.
Ал эми салтка айланып калган маалымат жыйындары бийликтин коомчулукка маанилүү, кокустан пайда болгон күтүлбөгөн окуялар боюнча маалымат берүүсү болуп саналат. Мындай маалымат жыйындары эркин, сындай билген маалымат каражаттары бар демократиялык өлкөлөрдө көп байкалат. Ал жакта чогулган пресса көпчүлүк талкуулаган, күндүн маанилүү темалары боюнча толук маалымат алышат.
Бул эки моделди карай турган болсок, президент Жээнбеков экөөнө тең окшошпогон маалымат жыйынын берди: формасы боюнча ал Путиндин моделинин жумшак түрүнө окшоду, ал эми мазмуну боюнча — демократиялык моделге окшошконсуду. Бирок ал эч кандай ийгилик жарата алган жок.
Көпчүлүк суроолорго президент окшош эле, жалпылап жооп берип жатты, түз, таамай айтылган жооптор жокко эсе болду. Президент өзүнө упай топтой алган жок, ошондой эле коомчулукка кандайдыр бир жаңы маалымат бере албады. Тескерисинче, түшүнүксүз абалды, табышмактуу суроолорду көбөйттү. Айрым жерлерде өлкө башчысы конкреттүү жоопторду берип жатты – мисалы Атамбаев, Бабанов, Матраимов тууралуу. Бирок буларга байланышкан жооптор да толук болбой, күмөн ойлорду жаратты десек болот. Болгону бир жооп гана өтө таамай жана так болду: ал экинчи мөөнөткө президент болуп барууга каршы экенин, бир мөөнөт жетиштүү экенин билдирди.
Жогоруда айтылгандар маалымат жыйынын бербей эле коюу керек дегенди билдирбейт. Маалымат жыйыны такыр болбогондон көрө ушундай болсо дагы өтүп турсун. Маалыматка жарды мындай жыйындын дагы жакшы жактарын көрсө болот: президенттин маалымат каражаттарына болгон жакшы мамилеси, сынга бай жана ыңгайсыз суроолорго (мисалы, “Азаттыктын” журналисти берген суроо) өзгөчө көңүл бурулганы, жана журналисттер менен болгон маек куруудагы жөнөкөйлүк.
Бирок ушундай деле болот деп баарына кол шилтеп коюу туура эмес. Бул иш-чараны келечекте кантип жакшыртса болору тууралуу ойлонуу керек. Аны даярдай турган командага бир нече варианттарды жаза кетсек.
“Жыл жыйынтыгы” деген форматтагы маалымат жыйындарын берүүнүн эч кандай мааниси жок. Биринчиден, Путин – бул башка адам, жана ал өткөргөн маалымат жыйынындагыдай жемишти эч ким ала албайт. Экинчиден, Путиндин моделинде баары тыкыр иштелип чыгат. Үчүнчүдөн, эркин маалымат жыйынында жыл жыйынтыгы чыгарылбайт, башкача айтканда, көбүнчө маалымат жыйыны өтүп жаткан учурдагы эле актуалдуу көйгөйлөр боюнча суроолор берилип калат. Жоопту жыл жыйынтыгына алып барып коюу үчүн Путиндикиндей тажрыйбага ээ болуу абзел.
Жыл жыйынтыгын чыгара турган болсо, анда аны башкача форматта өткөрүү зарыл: президент Жогорку Кеңеш аркылуу эң маанилүү темаларды камтыган жылдык отчет берет же элге кайрылуу жасайт. Эгерде ачык болуп, динамикалуу жыйын берем десе, анда чүчүкулак жолу менен 10го жакын журналисттерди чакырып, алар менен маек курат. Ал жактан ар бир журналист аны кызыктырган суроого толук кандуу жооп алат. Ал эми көпчүлүк катышкан маалымат жыйындарында суроолор кайталанма, тажатма болуп, маанилүү маселелер боюнча бир гана суроо узатууга мүмкүн болуп калууда.
Жээнбековдун өзүнүн “күзүрлөрү”, артыкчылыктары бар жана аларды колдонуп калуу керек. Маалымат жыйындарын өткөрүп туруу абзел, жок дегенде квартал сайын журналисттерге маалымат берип туруу максатка ылайык. Мындай маалымат жыйындары ошол учурда болуп жаткан окуяларга байланыштуу болуп, өлкө башчысынын коомчулукка ар кандай маселелер боюнча өзүнүн позициясын билдирүүгө көмөкчү болот. Мындай иш-чарага президент алдын ала даярданып, көп талкууланган, курч маселелер боюнча өзүнүн позициясын так билдирүүсү абзел.
Ошондой эле кырдаалга карап дагы маалымат жыйындарын берип турса болот. Себеби өлкөдө маанилүү окуя болгондо коомчулукка мамлекет башчысынын позициясы, тиешелүү маалыматтар жеткирилбесе, анда маалымат жыйынынын кереги деле жок эмеспи. Мындай иштерди ар кайсы мекемелердин басма сөз кызматтарынын жетекчилери, ар түрдүү бөлүмдөрдүн жетекчилери дагы өткөрүп турушса, элге өз убагында маалымат жетип турмак.
Кандай иш-чара болбосун, өзгөчө маалымат жыйындарынын кандайдыр бир максаты болушу керектигин дагы эске салып кетейин. Эгерде коомчулукка маалымат берүү башкы максат болсо, анда алдын ала керектүү маалыматтардын баарын топтоп алуу керек. Эгерде максат президенттин имиджин жакшыртууга, рейтингин жогорулатууга багытталса, анда ага ылайык даярданып, айрым идеяларга басым жасап, маанилүү темаларга көбүрөөк токтолуу зарыл. Эгерде максат президенттин, бийликтин конкреттүү маселелер боюнча позициясын билдирүү болсо, анда тиешелүү тема боюнча билдирүү жасоо жетиштүү.
Жаңы жыл алдында 2020-жылы Кыргызстандын эли сапаттуу, мазмундуу маалымат жыйындарына күбө болушун каалап кетели, ал эми маалымат жыйынын берген президент өзүнүн аргументтерин, идеяларын, позицияларын так, даана жеткирип, аны колдогондой коомдук пикир жаратсын.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.