2020-жылы Европа биримдиги — Борбордук Азия экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев билдирди.
Анын айтымында, экономикалык форум Кыргызстандын демилгеси менен өткөрүлмөкчү.
«2020-жылы Кыргызстанда I экономикалык Европа биримдиги — Борбордук Азия экономикалык форумун өткөрүү пландалууда. Форумду өткөрүүнү Кыргызстан демилгелеп чыгууда», — деди ал