Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Президенттин маалымат жыйынына бардыгы болуп 188 журналист аккредитациядан өткөн.
Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык массалык маалымат каражаттарынан жана 28и — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде аккредитацияланган 15 чет өлкөлүк ММК өкүлдөрү.