Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери өзгөчө фотосессия өткөрүштү. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз катчысы Жибек Каракеева өзүнүн facebook баракчасына жазып чыкты.
Ал адамдын сырткы келбетин өзгөртүш үчүн бир гана мыкты кийинтүү керектигин билдирет.
«Биз эксперимент кылууну чечип, өзүбүздү башка тараптан көрсөтөлү дедик», — деп жазган Каракеева.
«Тазалык» ишканасынын кызматкерлерине образды даярдоого жардам бергендер:
Сүрөтчү: Влад Домбровский
Кийим: Екатерина Шеликовская
Бут кийим: Зарина Сафарова
Чач жасалгасы: Наталья Каськова.