Бүгүн, 20-декабрда Бишкекте «Республика» партиясынын кезексиз съезди өтүп жатат.
Күн тартибинде партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрүн жана лидерди алмаштыруу, Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана ревизиялык комиссияны жаңылоо маселелери кирди.
Жеке булактар билдиргендей, Өмүрбек Бабанов төрагалык кызматтан кетүү тууралуу билдирүү жасайт. Анын ордуна жаңы лидер шайланат. Бул кызматка парламенттин депутаттары Мирлан Жээнчороев жана Кенжебек Бокоев талапкер болушууда.