Бишкекте #РЕакция-2 митинги өтүүдө

Окуялар тизмеги 18 Дек 2019 12:17
0 ой-пикир

Бишкекте сөз эркиндигин колдоо максатында #REакция 2.0 митинги башталды. Акция Ала-Тоо аянтында өтүүдө.

Тынчтык акциясынын өтүшүнө бир тууган Матраимовдордун үч медианы сотко бергени түрткү болду. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Акциянын катышучуулары бул кадамды эркин басма сөздү коркутуу жана ооздуктоо деп айтууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.