Атамбаевдин соту 19-декабрга жылдырылды

Окуялар тизмеги 17 Дек 2019 16:01
0 ой-пикир

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча соттук отурум өтмөк. Соттолуучу Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов ооруп, келбей калганына байланыштуу сот отуруму 19-декабрга жылды.

Бул иште шек саналып жаткан мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев 16-декабрда Атамбаев менен жолукканын жана сотко келерин айткан.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш фактыларына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу.

Убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, А.Батукаевдин бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча А.Атамбаевге, И.Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.