Жогорку Кеңештеги депутаты Алтынбек Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) дагы бир ирет суракка барды. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка ылайык, УКМК буга чейин «Азаттыктын» иликтөөгө тиешеси бар адамдардын баары күбө катары суракка чакырыларын билдирген. 2-декабрда «Бир Бол» фракциясынын лидери сурак берип чыккан.
Атайын кызмат «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду күбө катары суракка чакырган.
УКМК ишти Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иликтеп жатат. Журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында мекеме аралык тергөө тобу иштеп жатат.
Эске сала кетсек, Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулда атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Түркияда төрт киши кармалган.