Кундуз Жолдубаева сурак берип чыкты

Окуялар тизмеги 16 Дек 2019 19:44
0 ой-пикир

КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева 6 сааттан ашык сурак берип чыкты. Ал 16-декабрь саат 11.00гө ИИМнин Тергөө башкармалгына чакырылган болчу.

Жолдубаеванын айтымында, иштин материалдары купуяланган. «Мени маалымат таратпоого милдеттендиришти. Андыктан, тергөө тууралуу эч нерсе айта албайм», -деп билдирди ал.

Ал эми Ички иштер министрлиги ал Кой-Таш окуялары боюнча күбө катары сурак берип, коё берилгенин маалымдады. Анын алдында айрым сайттар Жолдубаева камакка алынышы ыктымалдыгын маалымдаган болчу.

Эскерте кетсек, Кундуз Жолдубаева 7-8-августта Кой-Таштагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн басып алуу учурундагы башаламандык боюнча иште күбө катары өтүп жатат. Буга чейин бир топ жолу ИИМге сурак берип чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.