Жаныбек Бакчиев УКМКга суракка чакырылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 16 Дек 2019 14:03
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин деппутаты Жаныбек Бакчиев бүгүн, 16-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип жатканы айтылууда. Бул тууралуу айрым сайттар күч органдарындагы жеке булактарына таянып жазып чыгышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эл өкүлү кайсы иш боюнча суракка чакырылганын айта элек. Ал эми депутат менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтарга караганда, Жаныбек Бакчиев УКМКга ал Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп тургандагы иштерине байланыштуу чакырылды. Бакчиев аталган кызматты 2009-2012-жылдары башкарган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.