Жогорку Кеңештин деппутаты Жаныбек Бакчиев бүгүн, 16-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип жатканы айтылууда. Бул тууралуу айрым сайттар күч органдарындагы жеке булактарына таянып жазып чыгышты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эл өкүлү кайсы иш боюнча суракка чакырылганын айта элек. Ал эми депутат менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду.
Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтарга караганда, Жаныбек Бакчиев УКМКга ал Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп тургандагы иштерине байланыштуу чакырылды. Бакчиев аталган кызматты 2009-2012-жылдары башкарган.