КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева 6 саатка жакын ИИМде сурак берип жатат. Ал 16-декабрь саат 11.00гө ИИМнин Тергөө башкармалгына чакырылган болчу.
Жолдубаеванын жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында тергөөнүн максаты Атамбаевдин жакын тарапташына шектүү деген макамды ыйгарып, баш коргоо чарасын тандоо.
Эскерте кетсек, Кундуз Жолдубаева 7-8-августта Кой-Таштагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн басып алуу учурундагы башаламандык боюнча иште күбө катары өтүп жатат. Буга чейин бир топ жолу ИИМге сурак берип чыккан.