Жалал-Абаддык аткаминерлер мончо ачканга «куштарбы»?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 13 Дек 2019 13:19
0 ой-пикир

Алмаз БАРАТОВ — атайын Elgezit.kg үчүн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жеке фитнес-залдын лентасын кескенден,  вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Алай районунун Гүлчө айылынын кире беришиндеги дарбазанын (арка) ачылышына, Маданият министри  Азамат Жаманкулов болсо  Jannat Resort Osh мейманканасынын ачылышына катышкандан бери эки ай дагы өтө элек.

Анда аткаминерлерди социалдык тармактарда отургандар гана эмес, ММКлар дагы сындап жазышкан болчу. Анда жогорудагы кызмат адамдары мамлекеттик эмес, жеке жайлардын ачылышына катышканы катуу сынга кабылган.

Бул айрым аткаминерлерге сабак деле болбоптур.

11-декабрда Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана шаар мэри Мураталы Тагаев жеке мончонун ачылышына барышты. Алар лента эле кеспестен чогулган элдин алдында сөз сүйлөштү. Балким, “жеңил парыңыздар менен” деп, “таза жуунуп туруу” керектигин айтышкандыр…

Сурөттө: Мончонун ачылышы

Азыр таза суу, электр энергиясы жана жуунуучу жайлардын ачылышы бийликтин жарандарга карата кам көрүүсүн, өсүп-өнүгүп жатканыбызды билдирген убак эмес. Анын үстүнө Жалал-Абад тээ алыскы тоого жакын жерде жайгашкан айыл эмес. Заманбап, инфраструктурасы өнүккөн шаар.

Бирок биздин аткаминерлерге эмне ачылып жатканы деле маанилүү эмес, эң башкысы лента кесишсе ошого ыраазы. Мындай майда-чүйдө жайлардын ачылышына аткаминерлердин барып, өзүн элге көрсөтүп жатканы бийликтин аброюна бир топ эле сокку болорун түшүнүшпөйт.

Бул демек, мактана турчу башка жаңы мекемелер, ишканалар, заводдор салынбай жаткандыгынан кабар берет. Ал эми дүйнөгө көз чаптырсак унааларды роботтор айдап,  Илон Маск болсо Марска киши жиберүү алдында турат.

Тилекке каршы, жер-жерлерде ушундай иш-чараларга катышкан аткаминерлер өздөрүнүн гана эмес, жалпы бийликтин аброюна шек келтирип жаткандыгын билишпейт.

Биринчиден, албетте социалдык түйүндөрдө шылдыңга кабылышат. Ал эми бийлик шылдың боло турган абалга жетпеш керек эле.

Экинчиден, аткаминерлер ачып жаткан мекемелердин деңгээли бийликтин анык жүзүн көрсөтүп жатат. Дагы жакшы Жалал-Абаддагы мончо 4 кабаттуу экен, кадимки биз көнүп калган жер үйдө болгондо такыр эле шылдың болушмак экен.

Үчүнчүдөн, ачылып жаткан мекемени караңыз. Мончо албетте керектүү жай деңизчи, бирок ал китепкана, театр, кинотеатр же маданий борбор эмес го…

Мындай иштер мамлекеттик кызматкерлердин ой жүгүртүүсүнүн деңгээлинен кабар берет. Мындай темп менен кете берсек, жакында коомдук жайларда дааратканалар ачылса дагы кызыл лента кесип башташат окшобойбу…

Сүрөттө: Аткаминерлер Жалал-Абадда курулган мончонун ачылышында лента кесишүүдө.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.