Бишкекте сөз эркиндигин колдоо максатында #REакция 2.0 митинги өтөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 13 Дек 2019 18:05
0 ой-пикир

Бишкекте сөз эркиндигин колдоо максатында #REакция 2.0 митинги өткөрүү пландалып жатат . Бул тууралуу соцтармактарда жарыяланууда.

Акция Ала-Тоо аянтында 18-декабрда саат 11 жарымда башталат.

Тынчтык акциясынын өтүшүнө бир тууган Матраимовдордун үч медианы сотко бергени түрткү болду. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Парламенттин айрым депутаттары жана медиа коомчулугу доо арызды эркин басма сөздү коркутуу жана ооздуктоо деп баалашты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.