Бүгүн Атамбаевдин иши боюнча соттук отурум уланат

Окуялар тизмеги, Өлкө 10 Дек 2019 09:47
0 ой-пикир

Бүгүн, 10-декабрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу сот иши уланат. Сот отуруму Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болуп жатат.

Буга чейин 6-декабрга белгиленген отурум судья Эмил Кайыповдун ооруп, жумушка чыкпай калганына байланыштуу башка күнгө которулган.

Эске сала кетсек, Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негиз менен Нарында түрмөдө жаткан жеринен атайын коштоо менен Бишкектен “Манас” аэропортунан менчик учак менен Грозныйга учуп кеткен.

Бул иште Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев башкы айыпталуучу катары саналууда.

Ал иш менен таанышуудан жана сот ишине катышуудан буга чейин баш тартып келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.