Атамбаевдин иши боюнча соттук отурум жылдырылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 10 Дек 2019 15:32
0 ой-пикир

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча соттук отурум өтмөк.

Соттук отурум айыпталуучу Раимжановдун саламаттыгына байланыштуу болбой калды. Кийинки отурум бейшемби, 12-декабрь күнү болот.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш фактыларына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу.

Убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, А.Батукаевдин бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча А.Атамбаевге, И.Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.