Кара ыш каптаган баш калаа — эмне кылуу керек?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 23 Дек 2019 15:52
0 ой-пикир

Темирбек Орозбаев – атайын Elgezit.kg үчүн.

Акыркы жумада борбордо абанын өтө булганганы чоң көйгөйгө айланганы белгилүү. Шаардыктар бул маселеге кайдыгер карабай, Бишкектин келечеги тууралуу ойлоно баштаганы сезилди. Абанын тазалыгын текшерүү үчүн жабдуунун деле кереги жок болуп калды сымал. Социалдык тармактарда шаарды каптаган кара түтүн тууралуу билдирүүлөр, видеороликтер эле абалдын канчалык оор экенинен кабар берип жатат. Мындай жүрөктүн үшүн алган көрүнүш жана кара түтүн каптаган калаада жашоо эч ким үчүн кубаныч тартуулабайт. Абанын канчалык булганганы тууралуу көрсөткүчтөрдү көрүү андан дагы кейиштүү десем болот.

Эми баарыбыз аба РМ2.5. деңгээли менен ченелерин билип калдык. Анда катуу микробөлүкчөлөр менен суюк микротамчылардын көлөмү эсептелет. Башкача айтканда, биз ыргыткан нерселердин баары: ыш, унаалардан чыккан түтүн, минералдык туздардын (сульфаттар, нитраттар) бөлүкчөлөрү, оор металлдар жана абаны биологиялык булгоочулар (айрым аллергендер жана микроорганизмдер).

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун нормасына ылайык, РМ2.5 деңгээли 10 мкг/м³ жогору болбошу керек, орточо суткалык норма — 25 мкг/м³ ашык эмес. Өлкөнүн улуттук Мыйзамы боюнча 35 мкг/м³. Дал ушул көрсөткүч Кыргызстандагы абанын булганыч же таза экенин текшерүүгө колдонулат.

Акыркы күндөрү бизде бул көрсөткүч 90-100 мкг/м³ болууда, ал эми айрым күндөрү 400-500 мкг/м³ чейин жетүүдө. Булар ар түрдүү булактардан (Американын элчилигинде коюлган жабдуулар аркылуу же «МувГрин» экологиялык уюмунун чени менен) алынган маалыматтар. 

Бишкекти мегаполис деп атоо кыйын. Биздин шаарда ири өндүрүш жокко эсе, СССРдин курамында болгон башка шаарларга салыштырмалуу эски унаалар көп эмес. Ошондой эле Караганда жана Кемерово шаарларына салыштырмалуу көмүр деле өтө көп жакпайбыз. Анан эмне себептен Бишкек абасы кир калаага айланды?

Бийлик азырынча көйгөйдү иликтеп, маселе эмне үчүн жаралганын айта элек. Ал эми биз болсо, шаардыктардын божомолун топтоп чыктык:

  1. Бишкектин айланасында жайгашкан жаңы конуштар. Бул райондордогу үйлөрдүн баары көмүр менен жылытылат. Мешке жагылган көмүрлөрдөн чыккан түтүн жана ыш абаны булгап жатат.
  2. Бишкекте эскилиги жеткен, кыймылдаткычтары эски унаалар көп. Жыл сайын алардын саны көбөйүп, аба булганууда.
  3. Оңдоодон өткөн ЖЭБге сапаты начар көмүр жагылууда, мурда жабдуулар эски болгондо андай көмүрлөрдү жагууга мүмкүн болгон эмес. ЖЭБдин түтүктөрүнүн бири бир топ кыскарганы, ошондуктан түтүн жана чаң шаарды дароо каптап жатканы тууралуу айткандар да жок эмес.
  4. Бишкек тоо этегинде жайгашкан жана шамал согуп турчу. Учурда шаардагы абал өзгөрүп, бийик үйлөр курулуп, тоодон келген таза абаны тосуп калууда.
  5. Бишкекте тигүүчү жайлар көбөйдү. Алардан чыккан таштандыларды мончолор, турак-жайлар жагышып, айрымдары таштандыларын өрттөп да жиберишет.

Дагы бир катар божомолдор бар – күндүн жылып кетүүсү, климаттын өзгөрүүсү, муздардын эриши. 

Өкмөт жана шаар бийлиги бул маселе боюнча шаар тургундарына жеткиликтүү маалымат бере элек.

Ал эми айрым ММКлар биздин башкы тармактык орган — Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги экологиялык түзүмдөр жарыялаган көрсөткүчтөрдү моюндабай жатканын жазышкан. Себебин алар абанын булгануусун ченеген жабдуулар сертификациядан өтпөгөнү менен түшүндүрүшкөн. Бирок алар ченегенде деле борбордун абасы таза эмес болуп чыкканын жашырышкан эмес. 

Жогорку Кеңештин депутаттары канчалык сындап, сунуштарды беришкени менен өкмөт өз позициясын билдирген жок. Бишкек шаарынын абасы менен байланышкан көйгөйдү чечүү боюнча өкмөт эч кандай чара көрбөй эле жана маселени чечүү үчүн кандайдыр бир иш жасалып жатканынан да күмөнүбүз бар. Учурда шаар тургундарына экологиялык активисттер жардамга келип, айрым күндөрү беткап тагынууга чакырууда.

Бишкектин абасы дем алуу органдарына, кан айлануу системасына, онкологиялык ооруларга канчалык терс таасир тийгизип жатканы тууралуу жана жогоруда аталган оорулар менен ооругандардын саны канчалык көбөйгөнү тууралуу статистика жок. Бирок булганыч абадан улам дартка чалдыккандар жок деп да эч ким айта албайт. Эми биз эмне кылышыбыз керек деген суроо туулат.

Мындай абалдан чыгуу боюнча дүйнөлүк практикалар бар. Ал үчүн экологиялык өндүрүштөргө басым жасап, энергиянын альтернативдик булактарын колдонуу боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу керек. Түркия, Кытай сыяктуу мамлекеттердин тажрыйбалары бар. Мындай жолду ири шаарлар басып өткөн. Албетте ал үчүн жылдар талап кылынат, бирок ар кандай аракеттерден улам Пекиндин абасы алда канча таза болуп калганын да билебиз. Бул шаар Бишкектен бир топ эле чоң жана өндүрүштөр дагы өтө көп.

Металлургиялык заводдору, химиялык өндүрүштөрү жок, шамал согуп турган тоо этегинде, мөлтүр сууларды бойлой жайгашкан биздин борбордо ушундай көйгөйдүн жаралып жатат. Бул маселени тез арада чечүү керек, аракет кылуу зарыл.

Бүгүн эч кандай даярдыктар, эч кандай формалдуулук жок эле, төмөнкүдөй аракеттерди көрсөк болот:

— көйгөй бар экени жана анын канчалык деңгээлде олуттуу экени тууралуу калкка расмий маалымат берүү;

— аба күндө ченелип, анын жыйынтыктарын баарына жеткиликтүү кылуу жана бул же тигил райондордун тургундарын ден-соолугуна кайдыгер карабоого чакыруу;

— эл иштерин туура пландап алуусу үчүн абанын өзгөрүүсү тууралуу календарь чыгаруу;

— аба өтө булганган айрым күндөрү кандай ооруга чалдыккан адамдар шаарда сейилдебеши керектиги тууралуу маалымат таратуу;

— оорулууларга, аз камсыз болгондорго жана үй-жайсыз адамдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору жана ооруканалар аркылуу бекер беткаптарды таратуу;

— шаар боюнча тигүү цехтеринен чыккан таштандыларды чогултуп, аларды зыян алып келбегендей кылып жок кылуу;

— аба кайсы тарапта көп булганыч экенин аныктап берип жаткандар үчүн “түз байланыш” түзүп, алар менен иштешүү үчүн муниципалдык бригадаларды түзүү.

Ушундай кадамдар менен шаар тургундарына жана конокторуна кам көрүү зарыл. Себеби азыр абал көз жумуп отура бергидей эмес.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Сүрөт: www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.