Жалал-Абад: жаңы жылга карата 28 метрлик балаты орнотулду. Сүрөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 06 Дек 2019 15:44
0 ой-пикир

Жалал-Абад шаарында бийиктиги 28 метр балаты орнотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, балаты борбордук «Эркиндик» аянтына орнотулган. Учурда балатыны кооздоо иштери жүрүүдө.

«Балатыны кооздодо улуттук оймо-чиймелерге, жарыктандырууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой эле, ал оюнчуктар менен жасалгаланып, аянтка ар кандай инсталляциялар, чаналар жана башка декорациялык буюмдар коюлат», — деп билдиришти мэриядан.

Бул иштерге балатыны орнотууга жана жасалгалоо иштерине 1,3 млн сом бөлүнгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.