Жалал-Абадда ууру кармалды

Окуялар тизмеги 06 Дек 2019 16:11
0 ой-пикир

2019-жылдын 15-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын бирине медициналык маска тагынган 2 азиат улутундагы болжол менен  20-25 жаштагы балдар киришип, сатуучуну коркутушуп, мойнуна бычак такап, кассада турган 15 000 (он беш миң)сом накталай акчасын алып чыгып, белгисиз тарапка изин жашырышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБне, Сузак районунун тургуну 2000-ж.т. К.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган.

 Аталган маалымат Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРнеКРнын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен  катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. 

Тергөө тарабынан берилген тапшырманын негизинде Криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада шектүүСузак районунун 1997-ж.т. М.Ф.аттуу тургунун Ош шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен  кармашкан. Тергөөнүн жүрүшүндө, Жалал-Абад шаарынын аймагында 11-17-ноябрь аралыгында катталган дагы жалпы суммасы 50 000 (элүү миң) сомдук 4 уурулук жасагандыгы аныкталып, ал бул жосундарды өзүнүн кылмыштуу шериги  Сузак районунун тургуну 1976-ж.т. М.М. менен бирге жасагандыгы боюнча көрсөтмө берген.

            Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө жана ыкчам издөө иштери  жүргүзүлүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.