Жалал-Абад: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турай-жай сертификаттары тапшырылды. Сүрөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 05 Дек 2019 12:47
1 ой-пикир

Жалал-Абад шаарында турак үйгө муктаж төрт үй-бүлөгө жаңыдан салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн 1 жана 2 бөлмөлүү батирлердин сертификаттары тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул кайрымдуулук иш-аракеттерин “Элит строй сити” курулуш компаниясы жүргүзүүдө. Бериле турган батирлер шаардагы курулушу башталып, 6 кабаттан турган 35 батирлүү “Ясын” турак жай комплексинде жайгашкан.

Буга чейин аталган курулуш компаниясы турак жай комплексинен 7 батирди муктаждарга кайрымдуулук иретинде берүүнү көздөгөн. Бүгүн алардын төртөөнүн сертификаттары ээлерине тапшырылды. Компания жетекчилиги батирлерди берүүдө алардын жашоо шарты жана үйгө болгон муктаждыктары менен таанышкан.

Жалал-Абад: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турай-жай сертификаттары тапшырылды. Сүрөт” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Бактыбек

    Эң сонун соопчулук иш кылып жатасыздар сиздерге чың денсоолук ишиңиздерге чоң ийгиликтерди каалап кетет элем .Биз деле абдан муктажбыз бир тууганым.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.