ИИМ: 500 миң сом талап кылышка куралчан каракчылар колго түштү. Сүрөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 05 Дек 2019 10:17
0 ой-пикир

Жалал-Абад облусунда куралчан каракчылар колго түштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында болжол менен саат 8:30да «Амантур», «Бойка», «Нупу», жана «Боко» каймана аттуу жарандар башка адамдар менен чогуу Кербен шаарынын борборунда жайгашкан «Талант» автосервисине кирип барышкан. Алар Т.К. аттуу жаранга тапанча такап, 500 миң сом талап кылышкан.

«Каракчылар Т.К аттуу жаранга «сен уурдалган автоунааларды сатат экенсиң» деп опузалашкан. Аны Кербен шаарынын четине алып чыгышып, акча бербесең өлтүрөбүз деп коркутушкан», — деп билдиришти милициядан.

Аталган факты Жазык кодексинин 203-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон төрт адам кармалган. Алар: Өзгөн районунун 1994-жылы туулган А.А. (Бойка) аттуу тургуну, Аксы районунун 1995-жылы туулган С.Н (Нупу) жана 1999-жылы туулган С.А. (Амантур) аттуу жашоочулары жана 1997-жылы туулган Таш-Көмүр шаарынын А.К (Боко) аттуу тургуну.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.