Elgezit.kg редакциясында Өмүрбек Текебаевден эксклюзивдүү маек
— Жакында эле Бишкекте өткөн коррупцияга каршы митинг бизде жаңы, активдүү, өз позициясы бар жаштар жетишсиз деген пикирди жокко чыгарды окшойт. Бүтүндөй өлкө коомчулукта ресурс бар экенин көрдү. Бирок, ушундай жаштар саясатка, мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга таасир берүү үчүн парламентке келиши үчүн эмне кылуу керек?
— Дүйнө ушунча тездик менен өзгөрүп жаткандыктан, бул өзгөрүүлөр жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү болуп калганын өзүбүз да байкабай калып жатабыз. Эмнени айткым келди… Статистика боюнча, учурда ар бир төртүнчү кыргызстандык маалыматты YouTube желесине жүктөлгөн роликтер аркылуу алат. Калгандары социалдык тармактар аркылуу.
Интернеттин жардамы менен коомчулук активдүү, уюшумдуу болуп келе жатат. Мындан сырткары, интернет маалыматтарга мамлекеттин үстөмдүк кылуусуна жол бербей келет, мындан улам чындык жумурай журтка тарап жатат. Мурда мамлекет, Өкмөт телеберүүлөрдү, басылмаларды көзөмөлдөп, калктын маанайына таасир берип келсе, учурда бул система иштебей калды. Активдүү блогерлер, журналисттер, ар түрдүү интернет басылмалар учурда мамлекеттик ММКлар менен атаандашып келет. Ушундай абал социалдык түзүмдү өзгөрттү. Калк менен байланышуунун эски ыкмалары иштебей калды, ал эми жаңысын ойлоп табыша элек. Бул көйгөй бизде гана эмес, дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн Өкмөтүндө бар. Азыр ушундай маалда жашап жатабыз. Кечээ жакында өткөн митинг бул жаштардын, активдүү жарандардын биринчи гана жолу уюшуп, нааразы болуп жатканы эмес. Буга чейинки уран кенин казууга каршы ж.б. митингдерди да эстесеңиздер болот. Демек, бийлик нааразычылыктарды, коомчулуктун, активдүү жарандардын маанайын эске алып, алдыга жылуусу керек, реалдуу реформаларды демилгелеши керек. Бийлик бир нече кадам алдыда жүрүүсү зарыл.
Учурда коомчулук элитаны жаңыртууга муктаж, парламентке активдүү жаңы жүздөр келсе дейт. Эгерде бул үмүттөрү ишке ашпай калса, анда Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун арты кайгылуу болушу мүмкүн. Бизди локалдык каршылыктар жана масштабдуу революциялык маанай күтүшү мүмкүн.
Буга жол бербөө үчүн, массалык нааразычылыкты болтурбоо үчүн жаштар, жаңы саясий күчтөр калыптанып калган саясий күчтөр менен атаандаша алгыдай шайлоо системасы болушу керек. Учурдагы шайлоо системасы административдик, финансылык, маалыматтык, адамдык ресурстары барларга артыкчылык берет. Жөнөкөй жаштардан түзүлгөн жаңы саясий биримдиктерде тарыхы бар саясий биримдиктер менен атаандашып, парламентке келүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Чыныгы атаандашуу болушу үчүн эмне кылуу керек? Эң жөнөкөй. Преференциалдык добуш берүү системасын киргизүү керек. Башкача айтканда, партия тизмелери ачык жана ийкемдүү болуусу керек. Жарандар партия үчүн гана эмес, ошол партиянын ичиндеги бир талапкерге добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл. Бул биринчиси. Экинчиси, шайлоо босогосун төмөндөтүү зарыл. Мисалы, 3 пайызга чейин. Бул жаңы саясий күчтөрдүн атаандаштык кылуусуна жол ачат. Мисалы, Бишкектеги жаштар бир нече күндө эле митингге 2 миң кишини чогултуп койду. Ал эми парламентке 3 пайыз босого менен өтүү үчүн 50 миң добуш топтош керек болот. Жаштар өлкө боюнча 50 миң добушту оңой эле алып, парламентке 4төн кем эмес өкүлүн жибере алмак деген ойдомун. Натыйжада парламентте 5-7 партия болмок. Мындай көп партиялуулук Кыргызстандагы саясий системаны туруктуураак кылмак. Бир аз мурда эле биз парламентте партиялар канча аз болсо, система ошончо туруктуу болот деп ойлочубуз. Өкмөт туруктуу болот дечүбүз. Бирок дүйнөдө, Кыргызстанда абал өзгөрдү, көп партиялуулук республикадагы туруктуулуктун кепилдиги болору белгилүү болду.
— Учурда эл парламенттин курамы жаңыланарын каалап жатат. Жаңы, жаш саясатчылар келиши керек деген пикирлер көп айтылууда.
— VI чакырылыштагы 120 депутаттын 35и гана бир нече жолку чакырылышта иштегенинен баштайлы. Калган 85 депутат же 65 пайызы бир эле чакырылышта депутат болушту. Бирок бул курам деле эл тарабынан бааланган жок. Коомчулуктун пикири боюнча, көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында эң начар курам ушул чакырылышта болду. Башкача айтканда, жаңы жүздөр парламенттин сапатын жакшыртпайт.
Эми жаш курак тууралуу айтсам. Учурда кыргыз парламентиндегилердин орточо курагы 50 жаш. Мисалы, Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн депутаттарынын орточо курагы 10 жыл мурун 60 жаш болсо, учурда 50 жаш. Украинанын парламенти дагы бир топ жашарды. Ал жакта эл өкүлдөрүнүн орточо курагы 42 жаш. Эгер мыйзамдарды биз сунуштагандай өзгөртсөк, Кыргызстанда дагы парламент депутаттарынын курагы жашарат. Мындан сырткары, мындай система парламенттин сапатын да жакшыртмак.
Азыркы система парламентке ресурстары барлардын гана келүүсүнө шарт түзүүдө. Добуш алып келе турган ресурстар. Башкача айтканда, талапкер таасирдүү кландын же кол алдында көп кызматкери бар ишкананын өкүлү болот же финансылык ресурсу мыкты болот. Мунун баары бир адамда болсо андан да жакшы деген түшүнүк бар. Анын интеллектинин деңгээли, стратегиялык ой жүгүртүүсү, сүйлөө шыгы сыяктуу сапаттар маанилүү эмес. Учурдагыдай шайлоо системасы болуп турган маалда партиялар ушундай талапкерлерге басым жасашат. Тууган-уругу, акчасы көп, бирок тажрыйбасы жок. Ал эми шайлоо системасынын өзгөрүүсү парламентке чыныгы белгилүү адамдардын, ошол эле журналисттердин, жазуучулардын, блогерлердин, окумуштуулардын келүүсүнө шарт түзөт. Акчасы жок, бирок эл көргүсү келген белгилүү адамдар келишет.
— Азыр парламентте жергиликтүү кеңештин депутаты болуп жогорку билимдүү адамдар келиши керектиги талкууланууда. Буга эмне дейсиз? Ушундай чектөөнүн кереги бар беле?
— Чектөөлөр ар түрдүү болот. Мисалы, жарандыгы, жашы, тил билүүсү ж.б. Айрым өлкөлөрдө жада калса, дини боюнча да чектөөлөр бар. Бирок, дүйнөлүк тенденцияда басмырлоого, кодулоого алып келген чектөөлөр жоюлууда. Мисалы, мурда Европада бай эркектер гана добуш берүүгө укуктуу болчу. Бара-бара шайлоо жана шайлануу үчүн кыймылсыз мүлкү болушу керек деген чектөө алынды. Кийинчерээк аялдарга добуш берүү укугу берилди.
Жергиликтүү кеңештер үчүн жогорку билим талап кылуу басмырлоо болуп саналат. Себеби, ал автоматтык түрдө белгилүү гана социалдык топтун өкүлү жергиликтүү кеңештин депутаты боло алат дегенди түшүндүрөт. Баса, мындай чектөө көпчүлүк өлкөлөрдө жоюлган. Конституцияда бизде тең укуктуу, эркин шайлоо системасы деп жазганбыз. Адамдардын мүлкүнө же социалдык абалына жараша шайлоо укугу чектелбеш керек. Бул азыркы Конституцияга каршы келет. Статистикага ылайык, Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калкынын 30 пайызга жакыны жогорку билимдүү. Шаарда 40 пайызга жакын. Ал эми айылдарда жогорку билимдүүлөр 10 пайыз гана.
— Демек, депутаттар айыл калкынын 90 пайызын шайлануу укугунан ажыратып жатыптыр да.
—Дүйнө басмырлоого байланышкан чектөөлөрдөн баш тартып жатканда, биз жергиликтүү кеңештин депутаттарына чектөө киргизүүнү сунуштап жатабыз. Биздин шайлоого байланышкан реформалар калктын баардык катмарынан, социалдык топторунан чыккан өкүлдөргө мүмкүнчүлүк берүүгө багытталышы керек. Бул кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келечеги үчүн өтө маанилүү.