Атамбаев сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартты

Окуялар тизмеги, Өлкө 29 Ноя 2019 18:01
0 ой-пикир

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча соттук отурум болуп өттү.

Сот жабык өткөрүлдү. Процесске алгачкы жолу мурунку президент Алмазбек Атамбаев жеткирилди. Бирок ал көрсөтмө берүүдөн баш тартканын анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, мурунку президент көрсөтмө берүүдөн баш тартуу укугун пайдаланды. Унчукпоо позициясын Атамбаев ага козголгон кылмыш ишке протест катары кармаган.

«Сот процессин Атамбаевдин катышуусу жок өткөрүү тууралуу кайрылуу кылабыз», — деп кошумчалады жактоочу.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы тактоо киргизип, Алмазбек Атамбаев сот залына мажбурланып жеткирилбегенин, бул тууралуу токтом болбогонун билдирген.

Соттук процесс 6-декабрда уланат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.