Соцтармакта бийликти сындаган активист эки айга СИЗОго камалды

Окуялар тизмеги, Өлкө 27 Ноя 2019 14:03
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу Афтандил Жоробековду кармады.

Комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган жаран жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында жайылтып, массалык нааразылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада ал колдонуучулар арасында бири-бирин жек көрүүнү, аймактар аралык касташууну жараткан.

Кармалган жаран Жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту («Аймак аралык касташууну козутуу») боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жоробековдун бөгөт чарасын карап, 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алуу боюнча чечим чыгарды.

Афтандил Жоробеков Бишкек шаарындагы, Ош шаарындагы жана Кара-Суу районундагы бир катар маселелерди көтөрүп жүргөнү менен белгилүү. Ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу бийликти сындаган постторду коюп жүргөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.