Апта ичинде болгон орчундуу окуяларга сереп

Окуялар тизмеги, Өлкө, Статьялар 17 Ноя 2019 14:53
0 ой-пикир

Бул аптада коом талкууга алган өлкөдө жана дүйнөдө бир катар орчундуу окуялар болду: ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү, суунун кымбатташы, Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча мелдеши, президенттин туулган күнү, Венециядагы табигый кырсык ж.б.

«Elgezit.kg» редакциясы узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп салды (11-17-ноябрь).

Саймаитинин өлүмү

Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы мейманкалардын биринин кафесинде атып кетишкен.

Эртеси күнү аны өлтүрүүгө байланышы бар делген үч киши — сириялык Али Исбех жана кыргыз паспортун алып жүргөн Хусейн Ахметалиев менен Абдулла Энвер — Адана шаарында кармалган. Мамлекеттик каттоо кызматы жогорудагы эки адам «Кыргызстандын жарандары эмес» деп билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейндж Ровер» автоунаасынын номуру Стамбул шаарындагы кыргыз консулдугуна таандык экенин ырастаган. Ал эми жолтандабас окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковго таандык экени аныкталган.

Ишкер Айэркен Саймаити «Азаттык» жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө кеп болуп, коомчулукта чоң резонанс жараткан.

Иликтөөдө Саймаити бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чет өлкөгө 700 млн долларга жакын акча чыгарып кеткени көрсөтүлгөн. Бул адамдын атынан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атасынын атындагы фондго чет өлкөдөн кайра акча которулганы сөз болгон.

Суунун баасы кымбаттады

15-ноябрдан тарта Бишкек шаарында муздак сууга болгон баа 8,10 сомго кымбаттады. Белгилүү болгондой буга чейин шардык кеңештин депутаттары муздак сууга жана канализациядагы агынды сууларга бааны көтөрүү токтомун чыгарган.

Маселен жарандар мурда 1 куб метр сууга 5, 38 сомдон төлөп келсе эми, 8,10 сомдон төлөөгө аргасыз болушат. Ал эми бюджеттик мекемелер 7,38 сомдон төлөсө эми 9,10 сомдон беришет. Башка максатта муздак сууну колдонгондор 9, 15 сомдон төлөсө эми 13 сомдон төлөп башташат.

Кыргызстан жана Япониянын футбол боюнча мелдеши

Кыргызстан жана Япониянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде япон футболчулары эки гол киргизип жеңишке жетишти.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталган. Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.

Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан.

Сооронбай Жээнбеков — 61 жашта

16-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков 61 жашка толду.

Сороонбай Жээнбековдун туулган күнүнө байланыштуу Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев ж.б. куттуктоо жолдогон.

Боливия президенти кызматтан кетти

Боливиянын президенти отставкага кеткенин жарыялап, өлкөдөн качып кетти. Боливия өлкө башчысы Эво Моралес Айма «Эль-Альто» аэропортунан учуп кеткен.

Боливиянын президенти өлкөдөгү нааразычылыктардын саны көп болгондуктан кызматтан кеткен. Боливиянын куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Виллимас Калима маалымат жыйында президентти отставкага кетүүгө чакырган билдирүү жасаган.

«Өлкөдөгү келишпестиктерди алдын алуу жана элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн президент кызматтан кетиши керек. Биздин Боливиянын стабилдүүлүгүн сактоо үчүн өлкө башчынын президенттик мандатынан баш тартууну талап кылабыз», — деген ал.

Өлкөдөгү баш аламандык 22-октябрда башталган. Нааразычылык акциясынын катышуучулары бийликти президенттик шайлоодогу алдамчылыкка карата күнөөлөшкөн. Боливиянын шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 20-октябрда болгон шайлоодо Моралес 47,07 пайыз, ал эми анын негизги атаандашы Карлос Меса 36,51 пайыз добуш алган.

Эво Моралес Боливияны 2006-жылдын январь айынан бери башкарып келет. Бул жылы ал президенттикке 4-ирет тандалып алынган.

Венецияда өзгөчө кырдаал киргизилди

Италиянын премьер-министр Жузеппе Конте бейшембиде Венецияда өзгөчө кырдаал жарыялады. Өкмөт башчынын айтымында, суу ташкындан жабыркаган шаарга 22 миллион доллардай каражат бөлүндү. Венеция аймагынын 85 пайызын аптанын башында суу каптаган.

Айрым жерлерде суунун деңгээли бир метр, 87 сантиметрге чейин жеткен. Мындай ташкындап көтөрүлгөн суу 1966-жылдан бери боло элек болчу.

Табият кырсыгы эки адамдын өмүрүн алганы кабарланды. Тарыхый имараттар, байыркы чиркөөлөр жабыркады. Шаардык мектептерде окуу токтотулду.

Венециянын мэри Луижи Бруньяро кырсыкты климаттын өзгөрүшү менен байланыштырды. Кээ бир адистер кайсы бир убакта Венеция толугу менен суу астында калышы ыктымал экенин эскертип жүрүшөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.